Акыркы кабарлар
21:02
» Жанирмем » Күйөөм өзүнөн он жаш улуу аялды ээрчип кетти
Күйөөм өзүнөн он жаш улуу аялды ээрчип кетти
03-декабрь, 23:16

Ичимде бугуп жаткан, эч кимге айталбай сыздаган жан сырымды сиздер менен бөлүшкүм келди.
Жашым 27де, үч балам бар. Күйөөм жанымда иштеп жүрүп эле мени башкага алмаштырды. Өзүнөн он жаш улуу аялдын артынан кетти. Өзүнүн кан-жанынан жаралган үч баласын таштап, кайдагы бир өзбек улутундагы аялды ээрчип кетти. Акырында мен да тажап, Россияга апама кетип калдым. Эки балам айылда кайненемдин колунда калган. Күйөөм эми балдарыма да, үйгө да ээ болуп, өзбек аял менен бактылуу жашап жатат. Эки баламды ойлоп, жанымды коёрго жер таппай кыйналып жүрөм. Аялдар, ушундай азаптарга батырган жоокерчиликсиз эркектерден сак болгула!
Дилбар
"Азия Ньюс" гезити