Жолдошумдун 30 жылдык кечеси жашообузга бүлүк салды


Жыл сайын эле мектептеги жылдык кечелер көп үй-бүлөдө көйгөй жаратып келет окшойт. Быйыл жолдошумдун 30 жылдык кечеси болду. Ошого даярданып, акча чогултуп, жаңы кийим-кече алып бердим. Телефонун жаңыртып, керек болгон нерселеринин баарын алып, ички кийимине чейин жаңылап, жакшынакай кылып узаттым. Өзүм болсо жумушка кеткем.
Кечинде аяштарымдын статусун көрүп калдым. Көрсө, классташ кыздарынан сырткары досторунун баары аялдары менен барышыптыр. Баары чогуу бийлеп, көңүл ачып отурушкан экен. Ошондо ичим ачышып кетти. “Эмнеге мени алдап кеттиң?” деп жолдошуман сурап, капаландым. “Аяштар барарын билген эмесмин” деди.
Ошол күнү катуу уруш чыгып, эртеси күнкү тоого жибербей койдум. Анан кайра “кыздар чайга чакырып жатат” деди. Жанжал салдым. “Мени уялдыңбы?” десем, “жок, мен билген эмесмин, алар өздөрү эле келиптир” деп жооп берди.
Эң оор тийгени – менин жолдошум мурда башка отуруштарда “эркек барган жерге аял барбайт” деп аябай жаман көрчү. Башкалар аялдарын ээрчитип келсе да жактырчу эмес. Азыр болсо өзү ошондой кылып отурат.
Ушундан кийин жашоом астын-үстүн болуп кеткендей сезилип жатат. Жашоого болгон кызыгуум да азайып кетти. Өзүм кафелердин биринде администратор болуп иштейм, айлыгым 100 миң сомго жакын. “Төрт баламды өзүм багып кете аламбы?” деп да ойлонуп жатам.
“Эмнеге мындай кылды? Чын эле анын кылганы туурабы? Же мен ашыкча ойлонуп жатамбы?” деген суроолор мээмден кетпей калды. Азыр болгону көңүлүм тынчып, жашоомду кайра өзгөртүү боюнча ойлонуп атам...
Нурайым










