Белгисиз аял чалып күйөөмдөн уулдуу болгонун айтты
Экинчи кызымды төрөп үйдө отуруп калганда күйөөм жумушта жүрөм деп үйгө токтобой калган. Бир күнү мага белгисиз номерден бир аял чалып “күйөөң менден уулду болду үйдү бошот” деп чалды. Ызаландым. Күйөөм келгенде катуу уруштук. Күйөөм ал аял эркек төрөгөнун мойнуна алып, төркүнүмдү чакырып мени аларга кошуп берди. Эки кызга айына 500 сомдон 1000 сом алимент кестирди. Айтор чогуу салышып, бирге түптөгөн үйдү сатып ошол аялдын үстүнө кирип алды. Эки кыз менен аябай кыйналдым. Ыйлаган күндөрүм болду. Ар кимдин эскисин кийип, айтор эптеп күн өткөрүп жүргөндө күйөөмдү тартып алган аял мага атайын келип жолукту. Кийгени кымбат шуба, колунда алтын шакек. Мени кемсинте карап туруп, алиментти алып жыртыгын бүтөлбөй жаткан го деп какшыктап бир топ сөздү айтты. Айтор мени алименттен баш тарт деп көндүрүүгө аракет кылды. Ошентип алимент да төлөбөй калды, мен сураган жокмун. Арадан үч жыл өтүп эми турмуш жолумду жаңы барактан баштарда күйөөм келип кыздарыма тымызын жолугуп аларды өзүнө тарта калып, “кайрадан чогуу жашайлы” деп жатат. Анын айтуусунда ал аял башка бирөөдөн төрөп бирок күйөөмдү колдонуптур. “Эми эркек төрөбөсөң деле мейли өмүр бою кулуң болуп жашаганга даярмын” дейт. Ишенбейин десем эки кызым эки жагыман чыгып атасын кечиришимди суранып жатат.