Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Энеңди... Карантин бүтсүн, катын менен ажырашам!

Энеңди... Карантин бүтсүн, катын менен ажырашам!

30-март, 03:09
9 733 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Урматтуу Aryba.kg сайты, сиздер жандүйнө, тагдырлар жөнүндө көп жазасыздар. Менин да куш тилиндей датымды чыгарып коесуздарбыМага окшогон адамдар көп эле болсо керек...

Өзүм таластык болом. 36 жаштамын. 4 балам бар. Мектепте 5 жыл мугалим болуп иштедим, жарыбаган айлык. Анан курулушка кетип калгам. Бул жагы деле эптемей жашоо... Жакында вирусу башталып, үйгө жатууга туура келди. Уруш көбөйө баштады. Катын наалып, “эт түгөндү, май жок, ачка өлөбүзбү?” деп кулактын кужурун алат. Эптеп балдардын курсагын тойгузуш керек. Карызга досумдан акча сурап, бир жумага жетерлик азык-түлүк алдым. Түгөнсө кантем? Ар кандай ойлор келет... 2010-жылы төңкөрүштөн кийин бутка туруп, участок алып, 3 бөлмө үй салып алдым эле. Же эми заман өзгөрбөйт...

Катын менен жөн эле чай ичип отуруп деле айтыша кетчү болдук. Чатак ырбап баратат. Тили уу. Балдар болгону үчүн гана сабыр кылам, а болбосо көкала койдой союп, тепкилечү эле неме да! Үйлөнгөндөн бери эртеден кечке жумушта жүрүп, ушунчалык ажаан менен жашап жүргөнүмдү билбептирмин. Көзүм ачылды. Бир жумада чыныгы жүзүн көрдүм. Энеңди... Карантин бүтсүн, ажырашам! Негизи тынч жашоо керек экен... Түңүлдүм! “Катын жолдо, бала белде” деген накыл кепке таянам...

Бектур 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер