Биринчи аялым менен жашыруун жолугушуп...
Биринчи аялым менен 21 жашымда үй-бүлө кургам. Ал менин тайпалашым болчу. Биз аз убакыт бактылуу жашадык. Бирге турмуштун оор-жеңилин көтөрдүк. Ортодо уулдуу болдук. Жумушумдан көтөрүлүп, айлык маянам кенен болуп, өзүм өзгөрө баштадым. Үйгө келсем илгерки сулуу аялымдын ордуна чарчаңкы, жүдөө аялды көрдүм. Баламдын ыйы кээде уйкумду бузду. Булардын баары менин кыжырымды кайната баштады. Бара-бара үйгө кеч келип, теңтуштар менен сыра иче баштадым. Ушул кезде мени менен чогуу иштеген Карлыгач пайда болду. Үйдөн маанайым суз келгенде жылмайып тосуп алып, сунган кофеси биздин ортобузда сүйүүнү ойготту. Акыры сүйүктүү Жаңылайым менен акыраштым. Анткени Карлыгач менен бир үйдө жашап калган элем. Бул кабар Жаңылайды бир топ капа кылды. Акыры ажырашып тындык. Мен жаңы үй-бүлөлүү болдум. Уулума да сейрек кездеше баштадым. Бирок Жаңылайды унута албай койдум. Негедир анын бирөө менен жүргөнүн элестеткенде, башыман ылдый суу куюп ийгендей болом. Карлыгач мага кыз белек кылды. Баягы жүдөө жашоо кайрадан башталды. Өзүн тыкан кармаган Карлыгач да бир аз жүдөңкү көрүндү. Бирок биринчи жашоомдогу катамды кайталабоого тырыштым.
Ушундай күндөрдүн биринде соода борборунан Жаңылай менен жолугуп калдым. Ал баягыдан да сулуу болуп калыптыр. Экөөбүз бирге отуруп чай ичиштик. Телефон алмаштык. Жумуштан бошогондо ага чалып сүйлөшүп, көп өтпөй кездеше баштадык. Бул кездешүү мага жомоктогудай сезилди. Аны менен акыркы акчам калганча түрдүү жерлерге барам. Карлыгач болсо аялымдын номерин телефонумдан көргөнү менен уулуна чалат деп ойлойт. Жаңылай менен көңүлдөш болгонума беш жылдын жүзү болду. Бул учурда Карлыгачтан эки уулдуу болдум. Эми мага артка жол жок. Бирок Жаңылай менен жашоо мага жагымдуу. Мен мурунку аялым менен жашыруун жолугууну ойноштук деп эсептебейм.