Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кетирген жубайымды сүйөрүмдү кеч түшүндүм...”

“Кетирген жубайымды сүйөрүмдү кеч түшүндүм...”

29-сентябрь, 20:36
3 125 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аялымды жаштык кылып, кош бойлуу болуп үйлөнгөм. Келген күндөн тартып анын басканы, сүйлөгөнү, кээде уктаганы да жакчу эмес. Ошентип кыздуу болдук. Кызга деле мээримим түшкөн жок. Аялым эмне кылып жатканын, үйдө нан-чайы барбы – бир да жолу сураган жокмун. Ошентип төрт жыл чогуу жашадык. Бешинчи жылы мен башка адамды сүйүп калганымды айтып, үйдөн чыгып кеттим. Бир айга жетпей аялым “үйдү бошотуп койдум” деп кат жазыптыр. Кыскасы, өзум сүйбөгөн адамдан толугу менен бошодум. Эки жылдын ичинде мен сүйүп, ансыз жашоом жок болгон экинчи аялымдын чыныгы жүзүп көрдүм, иренжидим. Бирок “өзүм таптым” деп жашоомду чыдап уланта бердим. 

Ошондой күндөрдүн биринде соода борборлорунун биринен мурдагы аялымды кызым менен жолуктурдум. Чогуу бир жерге отуруп чай ичтик. “Жашоом жакшы” деди. Алардын көздөрүнөн чыныгы бакыттын учкундарын көрдүм. Аялымды сүйөрүмдү түшүндүм. Коштошуп жатып, аларды колуман чыгаргым келбей турду. Кызымды кучактап, бетинен өпкүм келди. Бирок, ага мен чоочун адам элем. Жөн гана ооз учунан коштоштук. Алардын артынан бир топко телмире тиктеп турдум. Менин чыныгы үй-бүлөм кетип бара жатышат... Ооба, бир кезде мен баркын билбеген баалуу аял менен кызым узап кетти. Баары кеч болуп калганын түшүндүм. Бармагымды кесе тиштеген күндө да, калыбына келбей турган жолдо элем...


Нурбай

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер