Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жубайымдан ажырагым келчү, Кудай тилегимди бергенине өкүнөм...

Жубайымдан ажырагым келчү, Кудай тилегимди бергенине өкүнөм...

31-январь, 13:32
7 796 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен жогорку окуу жайда окуп жүргөн кезим эле. Каникулга келип, айылда жүрүп калдым. Бул күндөрдө айылда мугалим болуп иштеп жүргөн Гүлайымды жактырып калдым. Гүлайым менден төрт жаштай улуу, бир турмушту көрүп келген келин эле. Анын турмуштан ажырашканы, менден улуулугу кызыктырбады. Күндөн-күнгө ага деген сүйүүм күч алып баратты. Биздин сүйүүбүз, махабатыбыз тез эле айылдын аяк-башына дүң болду. Акырында ата-энеме да жетти. Бир күнү атам сөгүнүп келди.

--Ай курган бала. Сен ушунча жүрүп, жаман Базарбайдын турмуштан чыккан кызынан башка кыз таппадыңбы. Айылдын баары сени эле сөз кылып жатат,-дейт.

Бир жагынан апам кошулду.

--Айланайын балам, ушундайыңдан токтот. Үйдүн улуусу болсоң. Инилериңе ушинтип үлгү көрсөтөсүңбү? Биз сени жакшы жердин кызын алып, жакшы жумушка орношуп, келечеги кең бакыйган адам болоруңан үмүтүбүз бар. Эгер жанагы Базарбайдын кызын ала турган болсоң, төрт тарабың кыбыла, топурагыбызды түйүп беребиз.

Такыр эле мени түшүнө турган жан жок. Акыры алардын айтканы менен болдум. Ата-энем таап берген кызга баш коштум. Бирок келинчегим Гүлназды таптакыр жакшы көрө албай койдум. Тескерисинче, ар убак көкүрөгүмдө ага болгон кыжырдануу сезимим бар эле. Гүлназ болсо колунан келишинче жакшы жар, жакшы келин болууга аракеттинди. Ал ансайын жиним күч алат. Ата-энем карып барат. Аларды кейитпөө үчүн Гүлназ менен жашай бердим. Акырындап Гүлназ да менин сезимимди түшүнүп калды. Бирок ал дагы басып кетпеди. Ал да чыдап жашай берди. А жылдар өтө берди. Экөөбүз бир уул, бир кыздуу болдук. Бир күнү менин жүрөгүмдөн кетпеген, менин сүйүүм Гүлайымды кезиктирдим.

Гүлайым шаарга көчүп келгенине бир топ убакыт болуптур.

--Канат экөөбүз келечекти кандай кыялданчу элек. Бирок сен мени таштап кеттиң. Башкага үйлөнгөнүңдү укканда кандай абалда калганымды билсең кана? Эки-үч жылдай өзүмө келе албай жүрдүм.

--Сен эки-үч жылды айтасың. Он жылдан ашык убакыт өттү. Мен дагы деле өзүмө келе элекмин. Мен азыр бактысыз адаммын.

--Мен да өзүмдөн улуураак адамга турмушка чыккам. Бирок жашообуз болбоду. Акыры ажырашып кеттик. 

Гүлайым мени үйүнө чакырды. Гүлайымдын үйү абдан жагымдуу сезилди. Таптаза, жапжарык, жыпжылуу. Кайрадан экөөбүз тез жолугушчу болдук. Келинчегим Гүлназ да Гулайым экөөбүздүн жолугушуубузду билерин байкадым. Бирок кызганбайт. Унчукпайт. Өңү кубаргандан кубарып, муңайым жашоосунда жашай берди. Мен ансайын кыжырданам. Гүлайымга жолуккандан бери Гүлназга болгон жек көрүүм да күч алып баратты. “Мени да, өзүн да бактысыз кылып жашай бербей кетип калбайбы?” деп жиним келет. Балдарымды да ойлобой өз керт башымды эле ойлочу болдум. Бир күнү кайын журтум “баш кошконуңарга он беш жыл болуптур. Куттуктап келдик” деп келишиптир. Гүлназ экөөбүздүн салкын мамилебизди төркүндөрүнө билгизгиси келбей ага жеңелерине күлүп-жайнап отурду. А мен болсо араң эле чыдап отурдум. Алар чыгары менен кошо узатып чыгып, ачуумду басуу үчүн Гүлайымдыкына жөнөдүм. Гүлназ болсо узата тиктеп кала берди. Ал аңгыча жаңы жыл майрамы болуп калды. Ишимдеби, кайда болбосун жакшы тилектер айтылып жатты. Менин тилегим эле: “Ушул жылы ушул аялымдан кутулсам экен” деп аябай тилендим. Жаңы жыл өткөн соң Гүлназ менен ажырашууну чечтим. Канчалаган бактысыз жылдарым артта калды. “Эми менин бактысыздыгымды ата энем түшүнөөр” деген ойго келдим. Үйдүн документтери оюма түштү. “Экөөбүз ажырашсак, ушул заңгыраган үйдөн чыгып кете беремби? Эмне кылыш керек?” деген арам ой келди мага. Уйдүн документтерин издеп жатып, аялымдын аты жазылган папка көзүмө урунду. Ачып карасам,  дарыгердин коркунучтуу диагнозу. Боор шишиги. Эмнегедир эле акыркы күндөрү таптакыр маанайы суз тартып калган. Оорусу башталганына көп болуп калыптыр. Мен Гүлназга мындай жамандык каалаган эмесмин. Шаштым кете түштү.

--Эмнеге?! Эмнеге сен мага эрте айткан жоксуң?

--Айтканда эмне, мен сага керексиз адаммын да? Балдарым үчүн гана жашагым келет. Балдарымдын эртеңи эмне болот? Мен жок байкуштарым кор болуп калышат го. Ушул күнгө чейин мен сенден бакыт дагы, сүйүү дагы сураганым жок. Байлык да сураганым жок. Баардык кайгыны, бугумду жүрөгүмдө батырып  жашадым. Эми суранарым балдарга камкор ата бол. Балдарымды кор кыла көрбө. Көзүнөн салаалап жаштар агып жатты. Биринчи ирет аны аяп дагы, жакшы көрүп да көз жашын аарчыдым. Анын көнбөгөнүнө карабай, ооруканадан ооруканага жетеледим. Күн санап экөөбүз жакын болуп бараттык. Аны узакка кыса кучактап отурам. Жүрөктөрүбүздүн какканы гана угулат. Ажырап калуудан корком.   

Мен корккондой эле арадан эки ай өтүп өтпөй Гүлназдан айрылып калдым. Ата-энемдин, балдарымдын буркурап боздогонун айтпа.

Гүлназ жакшы жар болуптур. Эмне деген кайгыны жутуп, мендей акмак адамга үндөбөстөн чыдап жашады. Эми баарына кеч болгондо бармагымды тиштеп, өкүнүп отурам. Боздоп отурам. Мен азыр, мен эми бактысыз адаммын.

Негедир арманымды бөлүшкүм келдиби. Гүлайымдыкына жөнөдүм. Гүлайым эшик ачканда өз көзүмө ишене албадым. Өмүр бою мен сүйгөн адам, мен ишенген адам Гүлайым бөтөн адам менен көңүл ачып отурган экен. Чыкканча шаштым. Мени узатып чыккан Гүлайым актанууга далалаттанды. Бирок анын сөзүн уккум келген жок. 

Кудай менин тилегимди берди. Гүлназдан ажырадым. Мына дагы бир жаңы жыл келди. Мага окшобой жакшы тилектерди тиленгиле. Турмушуңда эмне ката кетирип жатасың, эртең эмнеге өкүнүп каласың, терең ойлон замандашым...

Канат Баянов

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер