Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Он беш жылда бир гүл бербеген күйөөм кайын сиңдиме автоунаа тартуулады
Он беш жылда бир гүл бербеген күйөөм кайын сиңдиме автоунаа тартуулады
28-июль, 12:17
3 653 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кандай күйөөлөр аялдарына белек берип, үй-бүлөсү менен эс алып келе алат? Жолдошум менен баш кошконубузга 15 жылдын жүзү болду. Кудайга шүгүр, жок эмеспиз, жолдошум жакшы табат. Эл ортону болуп жашайбыз. Аяштарыбыз болсо жыл сайын чет өлкөгө чейин барып эс алып келишет. Туулган күндөрүндө кымбат баалуу тон же зер буюмдарын алышат. Бир гана биздин үйдө белек берип, көңүл алуу деген нерсе жашабайт. Он беш жылдын ичинде аялдык милдеттеримди аткарып, турмуштун ысык-суугун кошо тартып келдим. Ушул жылдарда бир да жолу гүл көтөрүп келген жок. Жакында эле кайын сиңдиме туулган күнүнө унаа белек кылды. Ошондон кийин ойлоно баштадым, “эмнеге мен белекке татыктуу эмесмин?” деп. Мага окшоп эң төмөнкү катардан орун алып жашаганар барбы?
Анара