Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Күйөөсү бар келинди жактырып жүрөм. Кантип колун сурайм?
Күйөөсү бар келинди жактырып жүрөм. Кантип колун сурайм?
25-декабрь, 20:03
1 820 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ковид учурунда аялым каза болуп калган. Жашым 39да. Көптөн бери бир келин аябай жагып жүрөт. Эки баласы бар, күйөөсү үч жылдан бери Россияга барып-келип иштейт. Экөөбүз жакшы сүйлөшөбүз, бирок ага сезимдерим бар экенин айта элекмин. Аябай токтоо, бир сырдуу, балдарын жакшы караган келин. Өзүнүн айтымында, күйөөсү Россиядан бирөөнү таап, жашап алыптыр. “Таарынышып жүрөбүз” деди. Мен ага үйлөнгүм келет, сүйүүмдү билдирип, “үйлөнөлү” десем, анын үй-бүлөсүн бузган болуп калбаймынбы? Расмий түрдө ажыраша да элек экен. “Күйөөсү менен жарашып алсачы...” деп аябай коркуп жатам. Эмне кыларымды билбей башым катты.
Урмат
"Азия Ньюс" гезити