Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эркин эмес экономиалык аймак. Бишкек СЭЗдин кыйрашы боюнча бир нече далилдер

Эркин эмес экономиалык аймак. Бишкек СЭЗдин кыйрашы боюнча бир нече далилдер

31-октябрь, 13:18
962 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушул жылдын август айында президент Сооронбай Жээнбеков салтка айлангандай эле Бишкек СЭЗге барды. Ал бир нече ишканаларды кыдырды. Бирок, президенттин сапары СЭЗдеги субъектилердин көбү массалык маалымат каражаттарынан гана угушкан. Кээ бир ишканалардын жетекчилери президентке чыныгы абал тууралуу айта турган көп маалыматтары болгон.

“Дүйнөнүн булуң-бурчунда эркин экономикалык аймакка бийлик тарабынан өзгөчө көңүл бурулат. Анткени, СЭЗ экономиканын жана адам дараметинин өсүүсүнө чоң таасирин тийгизет. Азыркы учурда биздин Бишкек СЭЗге мамлекет тарабынан ар дайым колдоо зарыл. Биринчи кезекте мамлекет башчысы тарабынан колдоо күтүшөт” дейт КРдагы Америка соода палатасынын өкүлдөрү.

Эксперттер дайыма “Кыргызстандын эркин экономикалык аймагындагы учурдагы башкаруу модели эскирди жана өзүн-өзү актабайт” деп айтып келишүүдө. Төмөндө бул айтылган маалыматты тастыктай турган далилдер дагы келтирилген.

-- Кыргызстандагы беш СЭЗдин ичинен кандай болсо дагы Бишкек жана Нарын СЭЗдери иштеп жатат;

-- 2016-жылы Бишкек СЭЗдеги өндүрүлгөн продукциянын 65%ы Кыргызстандын ичине колдонулган. Анткен менен эркин экономикалык аймактар экспорттук жөндөмдүүлүк үчүн түзүлгөн;

-- Бишкек СЭЗдеги инвестициялык өнүгүүнүн туу чокусу 1998-жылга туура келет. Андан кийин дароо түшүп кетти. 2016-жылы гана үч ири инвестордун келиши менен инвестициянын көлөмү 1998-жылдагы көрсөткүчкө жетти;

-- Бишкек СЭЗдеги жумуш орду 15 жыл мурдагы боюнча калган. Мындайча айтканда, бир гектар жерге 10 жумушчу туура келет;

-- Ар жыл сайын Бишкек СЭЗде субъектилердин саны кыскарууда. Азыркы учурда 1300дүн ичинен 329 компания гана юстиция министрлигинен жана башкы дирекциядан каттоодон өттү. 

“Мындай көрсөткүчтүн негизги себептеринин бири – бул эркин экономикалык аймактар тууралуу мыйзамдардын улам өзгөрүүсү, - деп эсептейт Бишкек СЭЗдеги инвесторлор Ассоциациясынын директору Ахунбай Кошбаев. -- Качан СЭЗ түзүлгөндө инвесторлорго алардын жумушундагы шарт өзгөртүлбөйт деп кепилдик берилген. Бирок, иш жүзүндө такыр тескери болуп жатат. Ушуну менен бирге мамлекет биздин мыйзамдар кайра артка күчү жок (!) деген жүйөбүздү уккусу келбейт. Жаңы эрежелер кабыл алынганга чейин иштеп келген субъектилерге колдонулбашы керек”.

Эксперттердин пикири боюнча, экинчи көйгөй – бул Бишкек СЭЗдеги генералдык дирекциянын өзү. Логика боюнча ал инвесторлордун кызыкчылыгын мамлекет же башка мекемелердин алдында коргоого жана ишканалардын маркетинг иштерине, Кыргызстан же чет өлкө базарларына продукцияларын чыгарууга көмөктөшүүгө милдеттүү. Иш жүзүндө баары тетири болууда. Мисалы, дирекциянын жетекчилери чет өлкөлүк инвесторлор менен соттошуп, эл аралык соттон утулуп калышты. Мунун баардыгы СЭЗдин имиджине доо кетирди. Жана дагы бул СЭЗдеги инвестицияны 10 жылда 10 жолу кыйроого алып келди.

Негизги суроо гендирекция субъектилерден чогулткан каражатты колдонуу боюнча болот. Азыр алар катышуучулардын сыртка экспортоосунан 1%, Кыргызстанга сатуусунан 2%, кошумча имарат жана жер арендасына 2% алып калат. Бул акчалар кайда кетип жатат?

СЭЗде жайгашкан компаниялар “инфраструктуранын өнүгүшү жок” деп арызданышууда. А баса, 2018-жылы июлда президент барганда дагы Бишкек эркин экономикалык аймактын инфраструктурасынын өнүкпөй жатканына көңүл бурган эле. Ошол жерден генералдык дирекцияга Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу бул маселени чечүүнү тапшырган. Азырынча эч нерсе өзгөрө элек.

СЭЗдеги субъектилерде башка иштер боюнча дагы генералдык дирекцияга көп суроолор бар. Алардын ортосунда дайыма конфиликт чыгып, сотко чейин жетүүдө. Башкысы, инвесторлордун каалоосу бул – өздөрүнүн укугун коргоо, туруктуулук жана түшүнүшүү, эркин экономикалык аймактын келечеги. Бул үчүн башкы дирекция тарабынан иштелип чыккан узак мөөнөттүк өнүгүү стратегиясы керек. А ал эмдигиче жок. Бул башкы дирекциянын жана анын жетекчисинин ишинин натыйжалуулугу боюнча көптөгөн түйшүктүү суроолорду жаратат.

Баса, СЭЗдин азыркы башкы директору Дүйшөн Ирсалиевдин (ФУГИнин мурдагы башчысы) ишинин көрсөткүчү катары ар жыл сайын Бишкек СЭЗдеги ишкерлердин санынын жыл сайын азайып жаткандыгы мисал боло алат. 2015-жылы СЭЗде 17 жаңы ишкана пайда болсо, Ирсалиев дайындалган 2016-жылы 16 ишкана, а 2017-жылы 9 гана ишкана пайда болгон.

“Бишкек СЭЗдин” ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчүнө карата бизнес-коомчулукта суроолор пайда болууда: өкмөт мындай көрсөткүч, жыйынтык менен макулдашып жатса, эркин экономикалык аймактан эмнени күтүп жатат? Арендаторлор муну менен бирге эле башкы дирекциянын эркин экономикалык аймактагы эреженин жана башкаруунун түзүмүнүн өзгөрүшүнө каршы экенин көрүүдө.

Бүгүнкү күндө СЭЗдеги көптөгөн субъектилер жана экономика тармагындагы эксперттер Кыргызстандагы эркин экономикалык аймактагы иш системасын кески түрдө өзгөртүү зарылчылык экенин ишенимдүү билдиришүүдө. Ошондо алар өлкө экономикасынын өсүшүнө өздөрү кылып келе жаткан салымын жасашат. Ошондо жаңы жумуш орундары түзүлөт жана жаңы инвестиция пайда болот. Андан кийин буга чейинки менеджементтерден, жүргүзүлгөн саясаттан күтпөгөн жыйынтыктарды көрсөтүп, СЭЗ өзүн актайт.


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер