Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Сыдыков: “Карантинден кийин кыйналган ишкерлерден көп каттар, даттануулар болууда”

Аскар Сыдыков: “Карантинден кийин кыйналган ишкерлерден көп каттар, даттануулар болууда”

25-июнь, 12:25
756 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Аскар мырза, карантинден кийин ар кандай оор абалга тушугуп, ишкерлер тарабынан арыздануулар көбөйдү го?

-- Бул боюнча көптөн бери айтып келе жатабыз. Ишкерлерден көп эле каттар, кайрылуулар түшүп жатат. Көбү кыйналышууда. Аларга колдоо, жардамдар керек. Андай жардамды көрсөтүүгө төлөөлөр, ижара акыларын күтүү мөөнөттөрү берилген. Дагы бир катар жеңилдиктер каралган. Бирок, ишкерлерге салыктан бошотуу болгон жок. Жана башка материалдык жардам азырынча толук кандуу көрсөтүлө элек. Жакынкы аралыкта өкмөттүн насыялар боюнча программасы иштейт. Эң негизги жардам ошол болуп эсептелинет. Бирок, ал дагы ишкерлерге жеткенге чейин убакыт керек. 

-- “Атайын ишкерлер үчүн жеңилдетилген насыялар бериле баштады” деген маалыматтар чыкты...

-- Бул жеңилдиктер каралган. “Ишкерлерге насыялар берилет” деген жарыя кетип жатат. Бирок ал банктарга жеттиби, бере баштадыбы, азырынча толук маалымат боло элек.

-- Ишкерлер үчүн көп эле жакшы мыйзамдар каралат. Бирок алар эмнеге аткарылбайт? Анын себеби эмнеде?

-- Ал мамлекеттик башкаруу тутумунан, коррупциянын деңгээлинен, маяналардын аздыгынан, материалдык шарттардын төмөндүгүнөн болуп жатат да. Ыксыз текшерүүлөр маселени татаалдаштырат. Бул эми ири ишканаларда. Ал эми орто ишканаларда каржылоо маселесине банктар, Кыргыз-Орус фонду, эл аралык уюмдар жардам берип жатышат. Бирок, күрөө маселесинде көп ишканалар күрөөгө коё турган эч нерсеси жок отуруп калышат. Айыл чарбасында лабораторияларды куруу маселеси курч турат. ЕАЭБге кирген Россия, Беларусь, Казакстан буга эчак эле даяр болушчу. Бизде эмгиче курула элек. ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн адистери бизге контрабанда көп кирерин айтышкан, бул жагын да тартипке келтирүү керек.

-- Көпчүлүк ишкерлер көмүскө иштегени эмне себептен?

-- Бул абдан чоң маселе. Салык кодекси 2009-жылы кабыл алынганы менен андан бери 80ден ашуун толуктоо-өзгөртүүлөр киргизилди. Ишкерлер негизи узак мөөнөткө өз ишин пландайт, мисалы, 10-20-30 жылга. Ал эми салык өлчөмдөрү жана мыйзамдар ар жыл сайын өзгөртүлө берсе, бизнес кылгандар жүдөп, жабылууга, же кетип калууга дуушар болушат. Андыктан бизге экономикалык саясаттын, анын ичинде фискалдык саясаттын туруктуулугу зарыл. Ириде турукташтыруу режими» деген бар, бирок ал иштебей жатат. Ар кандай изилдөөлөргө ылайык, биздеги көмүскө экономиканын көлөмү 39дан 60%га чейин (!) деп жатышат. Демек, экономиканын жарымы көмүскөдө, бул чоң көрсөткүч. Аны тескеп, каттай албай жатабыз. Бул боюнча дүйнөдө кеңири колдонулган практика, ыкмалар бар. Бизге велосипед ойлоп табуунун кереги жок, болгону мыйзамдарды, талаптарды жөнөкөйлөтүү зарыл. Бул акыркы 4-5 жылда иштелген, ЕККУ тарабынан каржыланган, баардык ишкерлерге тийиштүү изилденген ченемдик-укуктук актылар. Анда кайсыларды жок кылуу, кайсынысын жөнөкөйлөтүү же тийбей коюу керектиги айтылган. Ушуларды аткарсак эле жыйынтык чыкмак. Өкмөт анын 40%ы аткарылганын, анын жыйынтыгын күтө турууну айтып жатат.


Жамиля Нурманбетова

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер