Дүнүйөнүн эң бай 10 адамы. Сап башында Илон Маск турат


Bloomberg Billionaires Index маалымдагандай, дүнүйөнүн эң бай 10 адамы белгилүү болду. Алдыңкы тизмени технологиянын, финансынын жана ар түрдүү өндүрүштөрдүн дөө-шаалары толтурушту. Алар кимдер?
10. Джеймс Уолтон. 79 жаштагы америкалык бизнесмен. Анын ээлигинде 147 млрд доллар бар.
9. Бернар Арно. 77 жаштагы Франциялык бизнесмен. Анын байлыгы 2025-жылы 148 млрд доллар деп эсептелсе, быйыл 166 млрд долларга көтөрүлгөн.
8. Дженсен Хуанг. Тайван тектүү америкалык бизнесмен. Ал IT тармагы боюнча инженер, өндүрүшчү жана жеке ишкер. Байлыгы 170 млрд доллар.
7-орунда бүткүл дүйнөгө атагы чыккан Марк Цукерберг бар. Ал 202 млрд доллар тапкан.
6-орун Dell компаниясынын куруучусу жана түбөлүк жетекчиси Майкл Делл мырзаныкы. Ал америкалык бизнесмен жана жеке ишкер, каражаты 211 млрд доллар.
5. Ларри Эллисон. 82 жаштагы америкалык жеке ишкердин капчыгында 237 млрд доллар бар.
4. Дже́ффри Престон Бе́зос. Америкалык жеке ишкер, Amazon интернет компаниясынын куруучу. Анын байлыгы 262 млрд доллар.
3-орунда 283 млрд доллары менен Google компаниясынын негиздөөчүсү Сергей Брин бар. Ал Орус тектүү америкалык ишкер.
2. Ларри Пейдж. Google компаниясынын куруучуларынын бири жана мурдагы директору. Америкалык жеке ишкердин байлыгы 304 млрдды түзөт.
Тизменин 1-катарында Илон Маск турат. Анын капчыгында 1,1 триллион доолар бар.
Манас Осмон











