Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аалы Карашев, ЖК депутаты: “Өкмөттүк курам улам жаңыланса да, өнүгүү болуп жатат го”

Аалы Карашев, ЖК депутаты: “Өкмөттүк курам улам жаңыланса да, өнүгүү болуп жатат го”

06-февраль, 02:28
582 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Аалы мырза, өкмөттөгү кадр алмашуулардан эмне өзгөрөт?

-- “Өкмөттүн күч органдарын тейлеген вице-премьер-министр ЕАЭБди кантип тейлейт, ал экономика тармагы боюнча иштейби же чек ара мененби, же дагы укук коргоо органдары менен иштейби, ушунун айынан көп позицияларыбызды алдырып коюп атабыз” деп мен буга чейин эле маселе койгом. Жемишин берди. Өкмөт башчы Абылгазиев “өкмөттөгү экономика тармагын тейлеген вице-премьер- министр эми ЕАЭБ боюнча жумуш алып барат” деп өзү жарыя кылды. Бул туура чечим болду. Мындан ары менимче, максаттуу, бир багыттуу иш жүрөт. ЕАЭБдин көп мүмкүнчүлуктөрүн пайдалана албай жатканбыз. 

Ал эми талапкердин өзү боюнча жакшы пикирдемин. Эркин Асрандиев менен өкмөттүн аппаратында, президенттин аппаратында чогуу иштеп калдык. Акыркы учурда “Айылбанкты”, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеп иштеди. Бир топ тажрыйба топтогон жигит. Ошол фонддо иштеп жатып, ЕАЭБдин курамындагы мамлекеттер менен иштеп, тажрыйба алып калды. Ошол мүмкүнчүлүктү, тажрыйбаны пайдаланып, жакшы иш алып барарына ишенем.

Өзгөчө кырдаалдар министрилиги дагы эң керектүү мекеме. Кыргызстандын жаратылыш шарты оор, табигый кырсыктар көп болот. Бюджеттен 2 млрд. 350 миң сом каралды. Ушуну туура пайдаланып, Замир Аскаров жакшы иштеп береринен шегим жок. 

-- “Өкмөттүн дээрлик 70 пайыздан ашыгы жаңыланып отуруп, иш такыр жок, отставкага кетсин бул өкмөт” деп талап кылгандар арбыды...

-- Өкмөттүн иштеп атканына эки жыл болуп калды. Эки жыл ичинде 70 пайыз курам алмашты. Ошондон улам сындар көп. Бирок, өнүгүү деле жок эмес го. Ишти тарта албаган жетекчилерди кетирип, иштей алганын алып келгени деле туура да. “70 пайызы кетип, жаңыланды, өкмөт кетсин” дегенге кошула албайм. Себеби, ар бир жетекчинин ишине жараша баа берилиши керек. Жылдын жыйынтыгы менен милдеттерин аткардыбы, аткарбаса кетсин. 

-- Өкмөт “чет өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктардын жарандыгы автоматтык түрдө токтосун” деген сунуш киргизип жатат. Буга мигранттар нааразы. Сиздин оюңуз кандай?

-- Азыр деле бизде кош жарандуулукка мыйзам жол бербейт. Баары мыйзам чегинде болуш керек. Экинчи жагынан, өкмөттүн ал мыйзам долбоору бизге келе элек. Келсин, карайлы. Бирок, 800 миңден ашуун жараныбыз сыртта мигрант болуп жүрөт. Алардын баарын жарандыгынан ажыратып салсак, кандай болот? Бул өтө маанилүү, орчундуу маселе. Баардык жагынан терең талдап, анан чечим кабыл алышыбыз абзел. 


Динар ТУРДУГУЛОВА

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер