Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бектенаалы Эгемберди уулу: “Алтын кендер үчүн электр тарифи 4,76 сом кВт/саат сунушталат”

Бектенаалы Эгемберди уулу: “Алтын кендер үчүн электр тарифи 4,76 сом кВт/саат сунушталат”

03-май, 21:16
831 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин тариф жана бааны жөнгө салуу башкармалыгынын башкы адиси Бектенаалы Эгемберди уулу менен маек. 

-- Электр энергиясына болгон тарифтерге өзгөрүүлөр качантан баштап кирет? Жалпы бааларга токтолсоңуз? Алар эмнелерге негизделип иштелип чыкты?

-- Электр энергиясына болгон тарифтерге өзгөрүү болжол менен август айына пландалууда. Жаңы ОМТСтын долбоорунда акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына төмөндөгүдөй тарифтерди киргизүү каралып жатат. Калк үчүн:

1. Бийик тоолуу шарттарда жашашкан керектөөчүлөр үчүн:

- 700 жана 1000 кВт/саат көлөмүндөгү нормаларын алып салуу;

- 1 сом 04 тыйын деңгээлинде бирдиктүү тарифти киргизүү.

(ГЭСтерде өндүрүлгөн электр энергиянын өздүк наркына, кошумча жеткирип берүү жана бөлүштүрүү үчүн кеткен чыгашаларды эсепке алганда келип чыгат).

2. Башка баардык керектөөчүлөр үчүн болгон 700 кВт/саат норманы дагы алып салуу каралат. Ошол эле учурда 2020-жылдын өздүк наркы деңгээлинде 1,48 сом кВт/саат тариф сунуш кылынат.

- үнөмдөө максатында күз-кыш мезгилинде 1000 кВт/саат турган убактылуу норманы колдонуу. Андан жогору керектөө болгон учурда тариф 2 сом 29 тыйынды түзөт. 2,29=(2,16+6,3% инфляция).

3. Жөлөк пул алышкан муктаж жарандар үчүн (саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин тизмесине ылайык) 74 тыйын өлчөмүндө тарифти колдонуу сунуш кылынат. Ошону менен бирге керектөө нормасы жок.

4. Насостук станциялар үчүн:

- насостук станциялар жана скважиналар үчүн электр энергиясына болгон тариф 1,48 сом кВт/саат өлчөмүндө белгилөө сунуш кылынат. Социалдык маанисин эске алып, калк деңгээлинде сунушталат.

5. Электр унаасы үчүн:

- шаардык электр унаасы үчүн электр энергиясына болгон тариф 1,68 сом кВт/саат өлчөмүндө белгилөө сунуш кылынат. 1,68=(1,58+6,3% инфляция).

6. Интернат тибиндеги балдар мекемелери, социалдык мекемелер үчүн: 

Бул жаатта электр энергиясына болгон тариф 1,68 сом кВт/саат өлчөмүндө белгилөө сунушталууда.

7. Башка тиричиликтик эмес керектөөчүлөр (өнөр жай, айыл чарбасы, бюджеттик жана башка керектөөчүлөр) үчүн:

- тиричиликтик эмес керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына болгон тариф 2,38 сом кВт/саат өлчөмүндө белгилөө сунуш кылынат. 2,38=(2,24+6,3% инфляция).

8. Энергияны көп талап кылуучу өнөр жайлык керектөөчүлөр (алтын кендери, куючу цехтер) үчүн:

- энергияны көп талап кылуучу өнөр жайлык керектөөчүлөр (алтын кендери, куючу цехтер) үчүн электр энергиясына болгон тариф 4,76 сом кВт/саат өлчөмүндө сунушталат. 4,76=( ТЭЦтеги нарк + жеткирүү наркы + бөлүштүрүү наркы + НДС + жоготуу).

2020-жылдын жыйынтыгы менен электр энергиясынын өздүк наркы 1,48 сомду түздү =(0,50 иштеп чыгаруу нарк + 0,27 жеткирүү наркы + 0,50 бөлүштүрүү наркы + 0,10 НДС + 0,12 жоготуу).

-- Эгер баалар көтөрүлсө, анын эсебинен күнүмдүк чыгымдардан тышкары да каражаттар түшөбү? Алар эмнеге жумшалат?

-- Бүгүнкү күндө акыркы керектөөчүлөрдөн түшкөн киреше энергетикалык компаниялардын чыгышасын жаппайт. 2020-жылы каражаттын тартыштыгы 1208 миллион сомго жетти. Жакынкы жылдары энергетикалык компаниялардын кредиттеринин негизги көлөмүн кайтаруу мезгили күтүлүүдө, карыз милдеттенмелер 129 миллиард сомду түзөт. Баардык түшкөн киреше энергетикалык компаниялардын муктаждыгын жабууга жумшалат.

-- Элде ортомчу компаниялар тууралуу көп сөз болууда. Алардын негизги кызматы кандай жана аларды жоюп, чыгымдарды азайтса болбойбу?

-- Ортомчу компаниялар бөлүштүрүүчүлөр катары эсептелинет. Алар электр энергиясын жогорку чыңалуудан алып, ар бир абоненттин үйүнө чейин жеткирип берүү жумушун аткарат. Ортомчу компанияларды жоюп салса, Бишкектин жанында жайгашкан жаңы конушта жашаган абоненттер электр энергиясы жок калат.

-- Тарифтер жыл мезгилдерине ылайыкталып да бөлүнөбү же күз-кыш мезгилдеринде деле бир эле баа менен төлөнөбү?

-- Башка баардык керектөөчүлөр үчүн (бийик тоолуу шарттарда жашашкан жана жөлөк пул алышкан муктаж жарандардан сырткары) үнөмдөө максатында күз-кыш мезгилинде 1000 кВт/саат турган убактылуу норманы киргизүү пландалып жатат. Андан жогорку керектөө болгон учурда тариф 2 сом 29 тыйынды түзөт.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер