Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмаз Касенов: “Толугу менен акталып чыктым, эми улуттук спортту өнүктүрөм”

Алмаз Касенов: “Толугу менен акталып чыктым, эми улуттук спортту өнүктүрөм”

06-март, 19:47
1 892 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мамлекеттик жаштар иши, спорт жана дене тарбия агенттигинин мурунку директору Алмаз Касенов мырза менен чакан маек курдук. “20 миллион сомду Чолпон-Ата шаарындагы стадионду курууда кымырып алган” деген айып тагылып бир жарым жыл “отуруп” чыккан чоо-жайын сурадым. 

-- Алмаз мырза, Кыргызстанда өткөн биринчи Көчмөндөр оюндарына карата стадионду куруу боюнча сизди миллиондогон акчаны кымырып алган деп айыпташып, сот жообуна тартылдыңыз окшойт? Ушул боюнча кыскача түшүндүрмө берип кетесизби? Эмне болгонун, кандайча болгонун биз деле түшүнбөй калдык... 

-- Чындап келгенде, 2014-жылдан бери мени кыйнап коюшту. Элдин кызыкчылыгы, намысы үчүн кылган иштерибизде “курмандыкка” чалынып, жабырлануучу болуп калдым. 

-- Сөзүңүзгө аралжы, эмнеси туура эмес болуп калды?

-- 2014-жыл, июль айы. Көчмөндөр оюндары башталарына болгону эки ай калды. Андагы президент Алмазбек Атамабаев шашылыш түрдө “стадион салгыла” деди. Анан кайдагы тендер, кайдагы конкурс? Будуң-чаң болуп жатып калдык. Ал кезде спорт агенттиктин алдындагы улуттук оюндарды өнүктүрүү дирекциясынын директору катары мага “курулуш компаниясын тап” дешти. Кыска мөөнөткө эч ким макул болбой атты. Ошого карабай Эркинбек Мергенбаев жетектеген курулуш компаниясын таптым. Өкмөттөн бир булактан буюртма жана акча каражаты бөлүндү. Агездеги премьер-министр Сапар Исаков да “улут үчүн, намыс үчүн туруп бергиле, кан-жаныңарды аябагыла” деп шыктандырды. Күн-түн дебей тапырап жатып калдык. Мен болгон акчасын которуп бердим. Ачылышы 8-сентябрга белгиленген. Жадагалса, 8-сентябрь күнү таң эрте тегерек-четин тазалап, түшкө чейин жанталашып атып бүтүрдүк. Ачылыш аземинде тикебизден-тик туруп, “эч жери сынып кетпей, урап калбай, баары жакшы болсо экен” деп турдук. Кудайга шүгүр, баары ойдогудай болду. 7 миң кишиге эсептелген стадионго 20 миңге жакын адам батып кетти. Кийин жабылышы болду. “Кыргызстан бүткүл дүйнө жүзүнө дүңгүрөдү” деп калдык. 15-сентябрь күнү баарын жыйынтыктадык. Эртеси16-сентябрь күнү ИИМдин 5-башкармалыктын балдары отурат. “Эмне болду?” десек, “Стадионду курган куруучулардын айлыгын бербей коюптурсуңар, 20 миллион сом жеп алыпсыңар” дейт. Бул жери бизге түшүнүксүз болуп калды. Дагы бир кызыгы, жогору жактагыларга эч бир далили жок эле “20 млн. сом жеп алышыптыр” деп жеткирип коюшуптур. Анан Атамбаев, Исаков деле жеп алса, “текшергиле” дейт да башка эмне демек эле? Ошондон улам текшерип жатып калышты. Мындай нерсеге бир же эки айча баарын тартипке келтиргенге убакыт бериш керек эле. Антишкен жок. Граждандык иш экенине карабай, кылмыш ишин козгоду. Мени жумуштан айдап ийди. Тергөө иштери башталды. 72,5 млн. акча бердик. Биринчи соттук эксперттик комиссия 73,8 млн. акча чыгарды. Берген суммадан көбүрөөк болуп атат. Экинчиси да ошондой чыгарды. Кайдан-жайдан 3-соттук экпертиза “акча жеп алыптыр” деген бүтүм чыгарып, мени СИЗОго отургузуп койду. 1-статья кыянаттык менен (злоупотребление), 2-статья сүйлөшүп алып (сговор), 3-статья уурдоо (растрата), 4-статья алдамчылык аракети (покушение на мошенничество) деп. Бир жарым жыл отуруп чыктым. Ал учурда тергөө амалдары жүрүп турду. Акыры “Сговор, растрата, покушение на мошенничество жок экен” деп, “злоупотребление” дегенди шалаакылык (халатность) деп которуп, убактысы бүтүп калды деп соттон чыгарып ийди. А подрядчик Эркинбек Мергенбаевди отургузуп койду. Себеби эмне экенин түшүнбөй калдым. Бирок, ал жигит кыргыздын намысы үчүн туруп берген жигит эле да. 

-- Демек, сизди жок нерсе менен соттогон өңдүү... Көкүрөгүңүздө бир так калган сыяктанат? Ичкүйдүңүз барбы?

-- Албетте, ич күйөт экен. “Болор иш болду, боёосу канды” дейт. Шалаакылык деген менен буга деле кошулбайм. Мойнума жүктөлгөн жоопкерчиликти туюп, болгон күч-аракетимди мамлекет үчүн, улут үчүн, намыс үчүн жумшадым. Өз убагында стадионду курдук. Биринчи Көчмөндөр оюндарын элге, журтка, сырттан келген конокторго тартуулоодо уят болбодук. Ал эми мени күнөөсү жок отургузгандарды Кудайга койдум. Алар менен соттошуп, кайрадан чаң-тополоң кылуу мен үчүн эмес. 

-- “Соттолгон” деген ярлык мойнуңузда калдыбы же толук акталдыңызбы?

-- Кечээ жакында эле барып, “баардыгы таза” деген кагаз алдым. Тазамын!

-- “Ат айланып казыгын табат” деген сөз бар эмеспи, кайра эле спортко келдиңиз...

-- Ооба. Бүт өмүрүмдү спортко арнап келатам. Азыр “Салттуу спорт, элдик оюндар жана маданият ассоциациясын түзүп, ага улуттук оюндардын 15-16 федерация президенттери мени жетекчиликке шайлап коюшту. Улуттук спортту уюштурууда, өнүктүрүүдө жан үрөп иш кылууга белсендим.              


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер