Айсулуу Тыныбекова: “Мени баалаган Камчы Көлбаев агама ыраазымын!”
“Атын атаса – куту сүйүнөт” дейт кыргызда. Бүгүн мени колдоп келген Камчыбек Көлбаев агам тууралуу жазгым келди. Мага берген белегин ачыкка чыгарууну туура көрдүм. Чын дилден жардам катары сунушталган белек үчүн ыраазычылык билдирем!
2017-жылы Парижде өткөн дүйнө чемпионатынан ийгиликтүү кайтып келгенимде, мага Toyota CHR маркасындагы жаңы авто унаасын белек кылган. Чынын айтсам, ошол жылдары спорттук травма алып, көңүлүм түшүп, кыйналып жүргөн кезим эле. Бул ийгилигимди жалгыз сиз баалап, кийинки бийиктиктерди багынтууга түрткү боло алдыңыз, жаңы авто унаалуу болуп, көңүлүм көтөрүлүп, алдыга койгон максаттарды ишке ашырууга күч кубат алдым. Колдоо үчүн дагы бир жолу рахмат айтам!
Алга Кыргызстан!” деп Айсулуу Тыныбекова Инстаграмдагы баракчасына жазды.