Футбол: Кыргызстан-Тажикстан 1:1. Алкоого алынган Т.Козубаев


Кечээ көпкө күттүргөн футбол боюнча Кыргызстандын курамасы Тажикстандын командасы менен оюн өткөрдү.
Бул беттешүү Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда болду. Оюнда эки тараптын күйөрмандары өз командаларын колдоп, абдан чыңалуу менен өттү.
Беттештин 17-мүнөтүндө Тажикстандын оюнчусу Д. Эргашев гол киргизип, эсепти ачты. Ал эми, экинчи бөлүктүн 83-мүнөтүндө кыргызстандык оюнчу Т. Козубаев эсепти теңегенге жетишти.
Беттеш 2022-жылы боло турган футбол боюнча дүйнө биринчилигинин тандоо турунун алкагында өткөрүлүлдү.
Кыргызстан F тайпасында Япония, Монголия, Тажикстан жана Мьянманын командалары менен бирге жайгашкан.
Эскерте кетсек, улуттук курам буга чейин Тажикстанга1:0, Японияга 2:0 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0 эсебине, Монголияны 2:1 эсебинде утуп алган.
Ошентип, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн беттеш 1:1 эсебинде жыйынтыкталды











