Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адилет Ашимов: “UFC уюмунда чемпион болууну максат кылдым”

Адилет Ашимов: “UFC уюмунда чемпион болууну максат кылдым”

27-февраль, 19:30
1 176 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эрежесиз эр уруштун жоокери Адилет Ашимов дүйнөгө белгилүү UFC уюмунда чемпион болууну алдыга максат кылып, учурда Америкада машыгып, күчтүү спортчулар менен даярдык көрүп жатыптыр.

-- Адилет, эрежесиз эр урушка кандайча келип калгансың?

-- 15 жашымда өзүм жашаган Сүлүктү шаарында волейбол ийримине катышып калдым. Башында баары ойдогудай көрүнгөн, кийинчерээк волейбол аянтчасындагы балдар менен кер-мур айтыша баштадым. Акырында мени машыктыруучу “волейбол сен үчүн эмес, балдар менен урушуп-талашканыңды токтотподуң” деп четтетип салган. Анан райондогу мени билген балдар эрежесиз эр уруш менен машыккан спорт клубга ээрчитип келишти. Ошол күндөн ушул күнгө чейин спорттун эрежесиз эр уруш түрүндө келатам. 

-- Эрежесиз эр уруштагы алгачкы жеңишиңди айтсаң?

-- “Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло” деген кыргыздын жакшы макалы бар эмеспи. Анын сыңарындай, атаандашың деле “сени утам” деп чыгат. Болгон күчүн, аракетин жумшайт. Сен андан өтүп чымырканып, кайсы бир ыкманы өзгөчө колдонуу менен жеңишти сууруп кеткен кезде, оюндагы калыс сенин колуңду жеңүүчү деп көтөргөндө, жүрөгүңдү уялаган сезимди сөз менен жеткире албайм! Чынында эле ак сөз. 

-- Спорт сен үчүн?..

-- Спорт – менин жашоо образым. Таң атып, көздү ачып тургандан баштап, кечкисин башым жаздыкка тийгенге чейин таштаган ар бир кадамым спортко байланыштуу. Ойлогон оюм, көздөгөн максатым – спорт. 

-- Учурда Америкада экениңди билебиз. Эмне менен алексиң?

-- “Зарыл ишиң болбосо Зардалыда эмне бар” дейт эмеспи бизде. Океандын ары жагындагы Лос-Анжелес шаарындамын. Американы жакшы билүү, өздөштүрүү, спортто атаандаштарды багынтуу жана алгач UFC уюмуна кирип, чемпион болуууну алдыга максат коюп, кыргыз мушкерлеринин кадыр-баркын көтөрүү үчүн жүрөм. Учурда машыгууну Xtreme Couture залында бир канча күчтүү эр уруштун мушкерлери менен биргеликте жүргүзүп жатабыз. 

Блиц-анкета

Кичи мекени – Сүлүктү шаары

Жашы – 23

Бою – 180 см

Салмагы – 66 кг

Спорттогу жетишкендиктери – греплинг, панкратион боюнча эки жолку өлкө чемпиону. ММА боюнча эл аралык мелдештердин бир нече жолку чемпиону жана байгелүү орундардын ээси.

Спорт даражасы – эл аралык даражада спорттун чебери

Машыктыруучусу – Абдрахманов Фируз, Сатыбалдиев Сухроб

Бош учурда – англис тилин үйрөнүп, шахмат ойнойт

Эңсеп жеген тамагы – апасы даярдаган манты, шорпо, плов.


Сурат Жылкычиев

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер