Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мухтар Атаналиев: “Көчмөн руху бар элибиздин салт-санаасын жаш муунга таанытсак...”

Мухтар Атаналиев: “Көчмөн руху бар элибиздин салт-санаасын жаш муунга таанытсак...”

12-февраль, 21:30
734 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маектешибиз – “Жаакер” этноборборунун негиздөөчүсү, белгилүү кинорежиссер, мурдатан элибизге мыкты обончу жана аткаруучу катары белгилүү болуп келген Мухтар Атаналиев.

-- Мухтар мырза, өткөн жылды “Жаакер” жаа атуу боюнча өспүрүмдөр арасында сынакты жыйынтыктоо менен аяктады окшойт?

-- Туура айтасыз. Максатыбыз – башынан айтып келгенибиздей эле кыргыздын мекенчил жаштарын тарбиялоо. Андыктан, адегенде биз ошол келечек ээлерине мекенин сүйүүгө багыт берип, улуттук баалуулуктарыбызды канына сиңирип, байыркы көчмөн руху бар элибиздин салт-санаасын үйрөтсөк деген аруу тилек менен ишибизди беш жыл мурда баштаганбыз. Өткөн жайда табияты кооз Кашка-Сууда балдарды жайы менен кабыл алдык. Манас айтуу менен рухубуздун туу чокусу болгон эпосубузду таанытып, жаа тартуу, ат минүү, ат жабдыктарын көргөзүү, кол күрөш, чүкө оюндары, топ таш жана башка улуттук оюндарды ойнотуп, табиятта жагымдуу эс алдырдык. Жаа атуу боюнча өспүрүмдөр арасында сынак жарыялаганбыз, финал 16-сентябрда Бишкек шаарында жыйынтыкталып, мыкты жаакер катары Араев Билал деген бала башбайгени утуп, Түркияга Көчмөндөр оюндарына катышып келди. Калган байгелүү орундарды ээлеген балдарга жана баардык катышуучуларга баалуу белектер менен дипломдор тапшырылган.

-- Бул жылга кандай максаттар бар? Быйылкы эс алуучу балдарды кандай өзгөчөлүктөр күтөт?

-- Буюрса баштаган ишибиз уланат. Сокулукта Белогорка аттуу ажайып кооз капчыгайы бар. Быйыл эрте жазда ошол жердеги Төш-Булак айылына этнолагерди курабыз. Жергиликтүү бийлик менен он жылдык келишим түзүлдү, бир гектар жерди ижарага алдык. Буюрса март айынан тартып этнолагердин курулушу башталат. Быйылтан тарта миграцияда жүргөн боордошторубуздун балдарын кабыл алып, жети күндүк жолдомо аркылуу жаратылыш койнунда улуттук баалуулуктарыбызды таанытып, жагымдуу эс алдырууга шарт түзөбүз. Бозүйлөрдүн таманына жыгач төшөп, жашаганга ыңгайлуу жагын жана башка балдардын эс алуусун дагы караштырып жатабыз.

-- “Жандооч кийик аттырат” дейт эмеспи. “Жаакерге” өнөктөштөр көбөйгөнү жакшы көрүнүш. Ошол өнөктөштөр туурасында айта кетсеңиз?

-- “Жаакер” негизделгенден баштап кызматташып келе жаткан “Альянс мебель” ишканасы колдоо көрсөтүп, аз камсыз болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөрдүн балдарын лагерге жөнөтүп келишет. “Шерой” курулуш компаниясына, Байтик айыл өкмөтүнө да терең ыраазычылыгыбызды айткым келет. Жеке ишкерлер, инсандар, ЖК депутаттары, коомдук ишмерлер, муфтият кызматкерлери жана башка бизге кол сунуп, колдоп, “чогуу иштейли” деген бир туугандарыбыздын катары өсүп жаратканы кубантат. Албетте, биз алар менен кызматташууга даярбыз. Мисалы, Балыкчы шаарынан Эмилбеков Калыбек аттуу жигит “лагердин филиалын ошол жакка да ачалы” деген сунушун үч жылдан бери айтып келе жатат. Быйыл Чаткал, Талас, Тоң, Базар-Коргон райондорунан, Баткен облусунан, Москва шаарынан жана башка жактардан филиал ачууга сунуштар түштү. Биз бул ишти адегенде өзүбүздүн лагерди жакшылап куруп, ишин жогорку деңгээлге чыгарып алып, анан уланталы деген чечимде турабыз. Учурдан пайдаланып, маданият министрлигине чоң ыраазычылык айтам. Буюрса министрликтин алдындагы туризм департаменти “каржылык колдоо көрсөтөбүз” деп жатышат. Быйылкы жаз ушундай чоң иштер менен башталат.

-- Мухтар мырза, сизди кинорежиссер катары да жакшы билип калдык. Бул жагынан чыгармачылыкта бир аз эс алуу болуп жатабы, же көкүрөктө багып жүргөн максат барбы?

-- Тасма тартуу боюнча алдыда жакшы долбоорлор турат. Демократ акын атабыз Токтогул Сатылганов тууралуу чоң тасма тартсак деген максат бар. Келерки жылы ал кишинин 160 жылдык юбилейи болот. Түштүк жергесинде миңдеген зыяратчыларды кызыктырып келген Сафед-Булан окуясы, ошондой эле балдар үйүнүн кийинки тагдырлары жөнүндө тасмаларды жаратуу пландары көкүрөктө. Быйыл кыштан бери залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун каармандарын жараткан актёрлор туурасында тартылган “Эсимде” тасмасын студенттерге, мектеп окуучуларына көрсөтүп, ошол каармандар менен кызыктуу жолугушууларды өткөрүп жатабыз. Лагердин жаңы долбоору ишке ашып кетсе, дүйнөлүк рынокко чыгууга жол ачылат деген тилектебиз. Мындан тышкары, жеке чыгармачылыкта былтыр бир ырыма клип тарттык эле, быйыл дагы бир жаңы ырыма видеоклип тартуу максатыбыз бар.

-- Демек, жаз айы ушундай жакшы иштердин башталышы болот экен да. Арыбаңыздар, ылайым. “Жаакер” этнолагери улутка кызмат кылган, балдарыбызды мекенчилдикке тарбиялаган сыймыктуу жай болсун!

-- Рахмат, “жакшы тилек – жарым ырыс” эмеспи, ошол ийгиликти элибиз менен чогуу көрөлү!


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер