Канат Шабданбаев: “Спортту департаментке байлап, жаш муунга залакасын тийгизип атабыз”


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев мырза менен маек кылдык. Спорт дегенде ичкен ашын жерге коё чуркаган азаматтарыбыздын бири чындыгында “жарылды”. Эч жасалмасыз маек курдук.
-- Канат мырза, 2023-жылды олимпиадага даярдык, жолдомо алуучу мезгил катары билебиз. Бир кезде сиз жетектеген спорт министрлиги, андан кийин комитет, анан агенттик, азыр департамент болуу менен артка кеттиби? Мамлекетибиздин спортко болгон мамилесин төмөндөтүп бараткан сыяктанат. Адистер “спорт тармагын маданият министрлигинен ажыратып, өз алдынча министрлик кылбаса да өкмөткө караштуу комитет же мамлекеттик агенттик кылып койсо болот беле?..” деген ойлорун айтып келишет. Ушул боюнча сиздин көз карашыңыз жана ойлоруңузду угалы дедим эле?..
-- Реформаны кылганда эффективдүү иш алып баруу же бир экономия болуш үчүн, жакшы натыйжа бериш үчүн жасайт эмеспи. Алгач өзгөртүп, бириктирип көрүштү. Андан бери экинчи жылга кетип атат. Жеке мен эле эмес, Жогорку Кеңештегидагы көпчүлүк депутаттар, спорт коомчулугунун баардыгы бул жагдайды туура эмес көрүп атышпайбы. Эң ириде жалпы элдин ою биринчи орунда туруш керек. Олимпиаданын алтын медалынан тышкары баардык жетишкендиктер келди. Анан азыр ушу түшүм берип аткан кезде бузуп туруп, департамент кылып койсок, кыргыз спортуна залакасы тийип калат да. Бу жерде кеп адамда эмес, система сынып калат. Мен туура эмес эле көрөм, өсүп келаткан чөйрөгө терс таасирин тийгизе баштаганын...
-- Ошондо департамент...
-- Министрлик, комитет, мамагенттик, анан департамент. Бүгүнкү күндө биздин жобо боюнча саясатты иштеп чыгуу жок. А маданият министрлиги саясатты кантип жүргүзөт? Бизге эмнени даярдап, кандай багытта жол көргөзөт? Департаменттин директору болуп туруп башка министрлер менен теңтайлаша саясат жүргүзө албайм. Кошулгандан бери министр барган жерден келишим, сүйлөшүүлөр маданият тармагында гана жүрүп келет. Спорт боюнча четте калдык, бизге тапшырмалар берилбей калды. Ооба, министрдин орун басары статусун берди. Бирок, биз барган эл аралык иш-чараларга спорт министри, соцблоктун вице-премьерлери барып атат. Ал жерде статуска карата сый-урмат болот. Өзбекстандын вице-премьери көп барат, анан ал сөзсүз түрдө биринчи сүйлөйт, ириде алардын иши алдыга жылат. Анын артынан министрлер, андан кийин мен. Ошентип эл аралык мамилелерде өтө төмөн болуп калып атабыз. Бул биздин кайдыгер мамилебиз...
Жобого “пропаганда кылгыла, элге спорт менен машыкканга шарт түзүп бергиле, эл аралык имиджди көтөргүлө” деп жазып жатышат. Көрүштү баарын, элдин нааразычылыктарын угуп атышат. Мындай шартта комиссия түзүп, карап чыгыш керек го деп ойлойм. Иштеп аткандарды комиссияга кошуп туруп сураш керек. “Эмне үчүн маданият менен спорт кошулганы сиздерге жакпай жатат? Элдин нааразылыгы кандай себептерден жаралууда?” деп. Анан биз коён жатагынан бери билген адам катары баарын түшүндүрүп айтып берет элек. Эки жылдан бери иштеп келатам, быштым. Ичинен, сыртынан да бүт көйгөйлөрдү билем. Чоңдор бирдемени чечиш үчүн түшүндүрүп айтканга дух керек. Менде бекем мүнөз болгон үчүн департамент иштеп атат, муну ачык эле айтайын. Биздин спорттун өзүнүн принциптери бар, ошону кармаш керек. Маданият министрлигинин алдында бизден сырткары туризм, кино департаменти бар. Аларда 10-11 адамдан иштешет. Бизде гана 30дан ашык адистер эмгектенүүдө.
-- Спорт департаментин бөлүнөт дегендей кылды эле?..
-- Ооба, ошол себептен көздөрү жанып, жан аябай иштей турган жаштарды азыркыга чейин кармап турам. Дагы бир жолу айтам, кеп адамда эмес, маселенин өзөгү системада. Эгер ушу бойдон кете берсек, анда система сынат да, коңшу Казакстанга айланабыз. 2012-жылы алар дүйнө боюнча жалпы олимпиадалык жыйынтыкта 22-орунда экен. Учурда 80-орундан да ылдый түшүп кеткен. Кантсе да алардан биз бир аз алды жакта, 70-орундарда турабыз. Бирөөнү туурасаң да өсүп-өнүгүп аткан өлкөнү туураган оң го дейм. Бүгүнкү күндө Өзбекстанда спорт өзүнчө министрлик. Алардын бул тармактагы жетишкендиктерин, жаратып жаткан ийгиликтерин баарыбыз көрүүдөбүз.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











