Аргентина чемпион. Лионел Месси – футбол падышасы!


Ошентип кезектеги футбол боюнча дүйнө чемпионаты аяктады. Финалдык мелдеш жомоктогудай өттү. Мындай беттешүүнү футбол күйөрмандары көптөн бери көрөлек болчу. Аргентина менен Франция курамы кашык кандары калганча жанталашып ойношту. Экөө тең татыктуу командалар экенин көргөзө алышты.
Аргентина чемпион!
Ал күнү Аргентинанын топ тепкичтерине алкышыбызды гана арнадык. Өзгөчө Лионел Мессинин жылдызы асманда жанды, буга чейин футболдогу баардык ийгиликтерди багынтып, бир гана “Дүйнө чемпиону” деген наам жетишпей турган. Көздөгөн максатына акыры жетти. Бул оюнчу тууралуу мактоо сөздөрүн жаза берсек кагаз бети чак келбеши турулуу иш. Ал эми Аргентина командасы футбол тарыхында 1978-1986-жылдары дүйнө чемпион болгонун эске алсак, бу жылы үчүнчү ирет дүйнө чемпиондугун татыктуу багынтты.

ПСЖ, Месси-Мбаппе тиреши
Футбол серепчилери Франциянын Пари Сен-Жермен футболдук клубун “акжолтой клуб” деп аташты. Алсак, 2001-жылы Бразилия курамынын оюнчусу Роналдиньо ПСЖга кирип, кийинки жылы Бразилия дүйнө чемпиону болгон. 2017-жылы Франциянын чабуулчусу Мбаппе ошол эле ПСЖга өтүп, 2018-жылы дүйнө чемпиондугун багынткан. Ушундай эле таризде 2021-жылы Месси ПСЖга келип, быйыл дүйнө чемпиону аталды. Эң кызыгы, ошол эле Мбаппе жана Месси бир командада бүгүнкү күндө оюн алпарышат.

Наамдар, сыйлыктар, мыкты оюнчулар
Катарда өткөн дүйнөлүк чемпионаттын байге куржуну 440 миллион АКШ долларын түздү. Дүйнө чемпиону Аргентина курамы 52,5 млн. Франция 30 млн. Коло медалды багынткан хорваттар 27 млн. доллардан байге ээлери болушту.
Мындан сырткары, эң көп гол (8 топ) киргизген Клиан Мбаппе (Франция) “Алтын бутсы”, “Чемпионаттын мыкты оюнчусу” болуп Лионел Месси (Аргентина) аталды. “Мыкты дарбазачы” наамга Эмилиано Мартинес (Аргентина) жана чемпионаттын эң мыкты жаш оюнчусу Энцо Фернандес (Аргентина) деп табылды.
Кийинки чемпионат Америка континентинде
2026-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионаты АКШ, Мексика жана Канада мамлекеттеринде болмокчу. Финалдык таймаштарга эми 48 курам катышат. Мындайча айтканда, мурунку 32 командага дагы 16сы кошулат. ФИФАнын айтымында, кийинки чемпионат үч мамлекеттин 16 шаарында, 16 стадиондо өтмөкчү.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











