Акыркы кабарлар
» Күч берен » “Алтын топ” сыйлыгы Карим Бенземада
“Алтын топ” сыйлыгы Карим Бенземада
20-октябрь, 11:38

Быйылкы жылдын “Алтын топ” сыйлыгы “Реал Мадрид” командасынын оюнчусу Карим Бенземага тапшырылды. Шаан-шөкөт Париж шаарында өттү. Бир кызыгы, сыйлыкты 1998-жылы ушу наамга татыган француз оюнчусу Зинедин Зидан тапшырды. Ал кезде Карим болгону 12 жашта болчу. Үч уктаса түшүнө кирбеген боз бала эле. Бирок, өзүнүн маегинде “бул менин жашоомдогу алдыга койгон максатым болчу. Сөзсүз түрдө эле атаандаштын дарбазасына гол киргизүү “оорусу” мен үчүн эмес. Эң ириде командалык оюнду жогору коём” деди. "Азия Ньюс" гезити











