Эргеш Алиевдин эстелигинин түбүнө заара ушаттыңыз беле?
(Тариэл Абитовго!)
Учурда ИИМ академиясын Тариэл Абитов жетектейт. 2020-жылдагы төңкөрүштөн кийин жылдызы жанган. Жердиги Ысык-Көлдүн Түп районунан болот. Билимин, тажрыйбасын алкоого алган адамды уга элекпиз. Бирок генералдык наамды оңой эле алыптыр. Физкультурник. Эмесе, коллегаларынын аңыз кебин эске алып, “кычкыл” суроолорду жолдойлу.
-- Тариэл мырза, сиз 2016-жылы мас абалыңызда ИИМ академиясынын астында турган Эргеш Алиевдин эстелигинин түбүнө заара ушаттыңыз беле? Ушунун айынан жумуштан алынарда өзүңүз рапорт жазып кеткенсизби? Төрт жыл жумушсуз жүрүп, анан Октябрь төңкөрүшүнөн кийин кызматка келгениңиз кандай? “Кол ийрисине тарткан” жердешчиликтин эргүүсү мененби? Өзүңүздү генерал-майор чоң жылдызына татыктуу катары ойлойсузбу? Акыркы жылдары ИИМ академиясында билим берүү начарлап кеткенин кандайча түшүндүрөсүз?
Мына ушул соболдорго жооп узатсаңыз, гезит бетинен орун берилет. Жооптуу кызматта отурганда шек жаратпай, ачык-айрым болуу керек да.
"Азия Ньюс" гезити