Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаров ууру-кески саясый элитаны шайлоодо пайдаланып туруп жайлайбы?

Садыр Жапаров ууру-кески саясый элитаны шайлоодо пайдаланып туруп жайлайбы?

20-ноябрь, 19:05
1 371 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурда «чимкирик» аталган парламенттин 90 пайызы Садыр Жапаровго кошомат кылышып, президенттик шайлоодо иштеп бергени калышты. Булар «ууру-кески», саткынчылар экени талашсыз чындык. Андан сырткары коррупцияга малынган экс-чиновниктер, шектүү элитанын көпчүлүгү жагынуу үчүн аламанда сүрөөнгө  алышканы турушат. Сапатсыз, ыраатсыз чиновниктерди айтпай эле коёлу... Ушул жагдайдан алганда, бийликтин коррупцияга каршы күрөшүүсү басаңдап калгандай. Биздин баамыбызда, Садыр Жапаровдун рейтинги Кудайга шүгүр, мындай шартта кошоматчылардын добуш алуусуна кызыкпай эле койсо болмок. Тескери реакция берери шексиз. Аларды чекесинен камакка алуу менен «кустура» баштаганда эл да туура түшүнмөк. Сыягы, Садыр Жапаров аларды аламанда иштетип алгандан кийин жазалаганы калды окшойт. Эки жолу түрмөгө  отуруп чыгып, көп нерсени ажырата билип калган адам баары бир ууру-кескилерди соо койбосо керек. Шайлоодо пайдалангандан кийин жайлайбы?


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер