Турсунбек Акун, укук коргоочу: “Биз тынчтыкты жактап, Израилдин тукум курут саясатына каршыбыз!”

-- Турсунбек агай, палестин элин колдоо боюнча “тегерек үстөл” уюштуруп жатыпсыз. Анда кандай маселелер көтөрүлөт?
-- Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 2023-жылы 7-октябрда ХАМАС тобу Израилге кол салып, ал жакта 2200 адам өлтүрүлүп, 250гө чукул адам барымтага алынган. Ошондон баштап, өч алуу иретинде Израиль мамлекети Палестинага кол салып, бир жарым жылдан бери 48000 адамды өлтүрдү. Анын ичинен 28 миңдейи жаш балдар. Өкүнүчтүүсү, тукум улай турган өспүрүмдөр жер алдында калышты. Канча миңдеген адамдар жаракат алышты. 10 миңдеген палестиндер чет мамлекеттерге качкын болуп кетишти. Баардык шаарларын талкалап, израилдер палестинаны тозоктун отундай эле абалга келтирип коюшту. Иш жүзүндө Израиль дүйнө элинин “согуш токтотулсун” дегенин укпай, өз билгенин кылып келишүүдө.
-- Израиль мындай аракетин кимге таянып жасап атат?
-- Израиль Америкага таянып жасаганы ачык айкын. Жозеф Байден башында турган американын бийлиги аларды колдогон. Америкага таянып алган Израиль абадан, жерден, суудан сокку уруп, палестиналыктарды тукум курут кылган саясатын жүргүзүүдө. БУУнун алдындагы коопсуздук кеңеши дагы Израилдин жетекчилигине кайрылып, согушту токтотуу боюнча тиешелүү документтерди кабыл алган. Тилекке каршы, Израиль аны аткарган жок.
-- Эмне үчүн бир жарым жылдан бери согуш токтобой келүүдө? Израилдин түпкүрдөгү көксөгөнү эмне?
-- Эки мамлекеттин ортосундагы жаңжалдын себеби абдан терең. Эсиңерде болсо, 1967-жылы БУУ “Израиль, Палестина, Араб мамлекети курулсун” деген резолюция кабыл алган. Бирок, иш жүзүндө Израиль мамлекети түзүлүп, БУУдан колдоо тапкан. Палестина, Араб мамлекети түзүлбөй калган. Резолюцияда Израиль мамлекети үчтөн бир гана территориядагы жерге укуктуу экени белгиленген. Тагыраагы, 75-80 пайыз жер Палестина мамлекетине тийиштүү эле. Тилекке каршы, Израиль митайымдык кылып, Сектор Газаны, Иорданиянын түштүк бөлүгүн БУУнун алдындагы коопсуздук кеңешинин жардамы менен Палестина мамлекетинин жеринен чыгартып, тартып алды. Тагыраагы, Палестина мамлекетин курууга каршы болуп, ар бир 10 жылда согуш ачып, акыры Иерусалимди кошуп, 75-80 пайыз жерди күч менен ээлеп алды. Аныгында, Америка күчтүү курал-жарактар, авиация менен жабдып турду.
Араб мамлекеттеринде болсо, ынтымак жок. Баары Американын инвестициясына, акчасына алданып, Израилди тыйып койгонго жарашпады.
-- Турсунбек агай, Израилге кол салган ХАМАС деген кандай уюм? Аларды ким түптөгөн, каржылагандарды айтсаңыз?
-- Мурда палестиналыктардын таштан башка куралы жок болгон. Анан Израилдин чабуулунан, кордугунан тажаган палестиналыктардын патриоттору, карапайым элдин колдоочулары ХАМАС деген аскердик уюм түзүшөт. “Ал уюмду Сауд Арабиясы менен Иран каржылап, курал-жарак берип турат” деген маалыматтар бар. Чыгыш мамлекеттери ХАМАСты каралашып, “террористтер, башкесерлер” деген саясат жүргүзүшүп, дүйнө коомчулугуна жек көрсөтүп жатышат. Чынында ХАМАС элин коргоо үчүн түзүлгөн, Израиль кыра бергенден тажаганда уюшулган патриоттордун уюму.
-- “Хезболла” деген кандай уюм?
-- Израиль мамлекети жалгыз эле Палестина эмес, Иорданияга, Сирияга да кол салды. Кыскасы, Араб мамлекеттеринин бир тобуна бомба таштап, алардын жерин тартып алууга аракет кылып келе жатат. “Хезболла” болсо Сирияда уюшулган, патриоттордон түзүлгөн ХАМАСтан күчтүүрөк уюм. “Аларды дагы Иран каржылайт” деген маалыматтар бар. Кыскасы, “Хезболла”, ХАМАС өз ара күрөшүп, Израилден өч алуу үчүн уюшулган уюмдар катары айтылып келет.
-- Эмнеге Иран аларды каржылайт?
-- Анткени, Израилдин эң чоң максаты Иранды талкалоо. Иранга бомба ыргытып, ядролук жол менен бырын-чырын чыгаруу. Бирок, Израиль анализдеп, Түркия менен Иран күчтүү мамлекеттер болгон үчүн согушканга анча батынбай турат. Ошон үчүн Иран “Хезболла”, ХАМАС жана башка уюмдар аркылуу Израилден өч алып келе жатат. Ирандын азыркы, мурунку дагы мамлекет башчылары “Израилди талкалоо керек” деген пикирлерди айтышат. Былтыр эки жолу ракеталарды ыргытып, Израилдин далай объектилерин талкалашкан. Аларды, мындайча айтканда, чөгөлөтүп койду. Израилдин мамлекет башчысы дүйнөлүк коомчулукка “Ирандын колунан эч нерсе келбейт” дегендей түр көрсөттү.
-- Израиль талкалап жаткан “Хуситтер” деген кимдер?
-- “Хуситтер” дагы Израилге багышталган согушчан топтор. Тагыраагы, өз элинин баатырлары. Израилдин жасап жаткан чабуулуна, тукум курут саясатына, Палестина, Сирия, Иорданияны, Йеменди бомбалап жатканына чыдап тура албай чыккан патриоттор. Аларды дагы Иран мамлекети каржылайт деген сөздөр бар. Аларды колдогон өздөрүнүн дагы патриоттору, байлары арбын. Израилдин территориясын бомбалап, кемелерин өткөрбөй аткылап турушат. Анткени, Йемен мамлекети кемелер өтүүчү жерде жайгашкан. Ошон үчүн Америка дагы Израиль менен биригип, “Хуситтерди” бомбалап жатышат.
-- Азыр Жо Байден кетип, Доналдь Трамп келди. Эмнеге дагы деле Израилге колдоо көрсөтүлүүдө?
-- Американын башына ким келсе дагы алардын Израилге болгон көз карашы өзгөрбөйт. Анткени, еврей лоббиси, Израиль лоббиси дегендер бар. Бул Американын президентин шайлаш үчүн Америкадагы еврейлер колдосун (!) деген сөз. Алар кандай жагдай болсо да миллиардерлери акчаларын берип, Американын президенттерине жардам берип турушат. Кимиси шайланса да, шайлоодо чоң колдоо көрсөтүшөт. Шайланган президент карыздар, көз каранды болуп, алардын айтканын аткарат. Анткени, Америкада еврейлер көп. Алар конгресске чейин мүчө болуп алышкан. Трампка дагы еврейлер чоң колдоо көрсөтүшүп, шайлоо штабына чейин иштешкен. Ошон үчүн чет элдик делегациялардан Трамп эң биринчи Израилдин премьер-министрин кабыл алды. Бул нерсе Америка менен Израиль эч качан бири-биринен ажырабайт дегенди билдирет.
Байкасаңар, Дональд Трамп келгени Американын Жакынкы Чыгышка болгон саясаты өзгөрмөк турсун, Байдендин убагынан да күчөп кетти. Жо Байден аргасыз Израилди колдогону менен Биньямин Нетаньяхундун Палестинаны кырганын анчалык колдободу. Көз каранды болгон үчүн жардам бербей коё алган эмес. Дональд Трамп болсо эки миллионго чукул палестиналыктарды “Йордания менен Египетке көчсүн, Газа секторун бошотсун. Биз ал жерге эл аралык туристтик компанияларды, дүйнө эли эс ала турган “Трамп-Газа” деген эс алуучу жайларды курабыз. Иордания менен Египет болсо 2 миллионго чукул палестиналыктарды батырып алсын” деп катуу агрессивдүү сунуштар менен чыкты. Трамптын сунушуна дүйнө эли, Египет да, Иордания дагы каршы чыгышууда.
-- Трамп эмне үчүн мындай сунушун айтып келет?
-- Анткени, Израилдин Палестинага жасаган тукум курут саясатына дүйнө эли чыдабай “Палестина өзүнчө өнүгүшү керек. Биз мамлекет катары тааныйбыз” деп мамлекеттүүлүгүн колдошту. Америка менен Израиль Палестинаны дүйнөнүн баардык мамлекеттери колдоп жатканы үчүн “Трамп-Газа” эс алуу борборун курабыз, палестиналыктарды көчүрөбүз” деген саясатын башташты. БРИКСге кирген мамлекеттер жана чоң державалар Палестинанын көчүрүлүшүнө каршы болуп жатышат.
-- Палестинанын өзүнчө мамлекет болгондугун Кыргызстан дагы колдодубу?
-- Биз ШОСко, ОДКБга мүчөбүз. Россия менен Кыргызстандын мамилеси да жакшы. Россия эң биринчилерден болуп Палестинаны колдоп, алардын мамлекеттүүлүгүн тааныган. Палестинаны Кытай, Индия, КМШ, Азия мамлекеттери да колдоп жатат.
Кыргызстандын коомчулугу дагы колдоп чыкса, чоң жетишкендик болсун деген ниетте Израилдин кол салуусунан каза болгон 48 миң адамдын арбагына куран окуп, палестиндерди кыйынчылык убакта колдоп, моралдык жоопкерчилигибизди аткарганы атабыз.
Биздин бүгүнкү жыйындын максаты: мусулман, тынч региондо жашаган жаран катары, согуш менен тынчтыктын баасын билгенибизди дыкаттап, позициябызды ачыктайбыз. “Тынчтык орносун, согуш токтосун!” деп Израилдин тукум курут саясатына каршылык көрсөтүп, талап кылып, жарандык милдетибизди аткарууга белсендик.
"Азия Ньюс" гезити