Эмне үчүн Садыр Жапаров "досу" Ахматбек Келдибековду кечирбейт?
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров “сатып кеткен досу” Ахматбек Келдибековду кечирбейт экен. Бул тууралуу ынанымдуу өздүк булактарыбыз билдирди. Экономикалык мунапыс боюнча коррупцияга шектүүлөр мамлекетти тоноп кеткенин кайра “куспаса”, катуу жазалоо менен камакка алуулар, үй-мүлктөрүн, объектилерин мыйзамдуу жолдо конфискациялоо болору расмий айтылды. Өкмөт бир ай убакыт берди. Кызыгы, ушул жагынан Келдибеков “кайырмакка” илинип калбайбы? Коррупцияга айыпталып, соттолгону эсиңердеби?..
Баса, достордун чыры эмнеден чыкты эле? Эске салсак, “Ата Журт” партиясы 2010-жылы парламенттик шайлоого аттанып, жеңишке жетишишкен. Ошол аламанда колдоо катары казак олигархынан 3 миллион доллар келип (Жапаров, Ташиевдин сүйлөшүүсү аркылуу), аны Ахматбек Келдибеков үзөңгүлөштөрүнө билдирбей жеп алды беле? Бул боюнча Садыр мырза жазып чыкканы эсибизде. Кызыгы, ошондо үч достун ортосунда чоң жаңжал чыгып, Келдибеков бөлүнүп калганы каңкууланган. Турмуш өзү көрсөттү, кимдин ким экенин. Натыйжада, кыйын күндөрдө Келдибеков тескери бурулуп кетсе, Жапаров менен Ташиев бири-бирине арка-бел болушуп, бийликке жетишти. Учурда элдин сыноосунда иштеп жатышат. Сыягы, саясаттын күнгөй-тескейине аралаш кызык оюндар алдыда го...
"Азия Ньюс" гезити