Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурлан Сулайманов элди алдабай, уурдаган акчасын казынага төгүп койбойбу?

Нурлан Сулайманов элди алдабай, уурдаган акчасын казынага төгүп койбойбу?

02-октябрь, 08:34
1 330 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ошто Нурлан Сулайманов: “Завод, ишканаларды ачып, бюджетти, казынаны толтурабыз...” деген мааниде сүйлөсө, шордуу элибиз кол чаап отурат. Эрксизден баш чайкайсың. “Эй, сен коррупцияга айыпталып, качып кетпедиң беле? Жок заводду эмне кыласың, уурдаган миллиондоруңду мамлекетке төгүп койбойсуңбу?!” деп айткан киши жок. Бул эргул кандуу Бакиевдин режиминде мурдун көтөрө көөп, транспорт жана байланыш министрин жетектеп, Кудайын тааныбай калган... 2010-жылдан соң Атамбаев бийликке келгенден кийин арты казылып, коррупцияга айыпталып, кылмыш иши козголгондо Шадиев мисалындай качып кеткен. Чет өлкөдө турист катары эс алып жүрөт да, качан гана кымыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткенде пайда болуп, эми кайра саясатка аралашууда. Эмне мынча амалдуу ыя? Кезинде миллиондорду кымырууга шектелсе, мамлекетке зыян келтирсе, анан эч кандай жоопкерчиликке тартылбай туруп, элге акыл үйрөтүп жатса, деги биз кандай коомдо жашап атабыз?..


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер