Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сулайманов менен Шыкмаматов качанкыга чейин элди алдай беришет?

Сулайманов менен Шыкмаматов качанкыга чейин элди алдай беришет?

10-сентябрь, 22:24
943 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Акүйгө каршы эле сайрасак, элди алдап коёбуз, бизди оппозиция катары баалашып, добуш беришет” деген чолок ойго чырмооктой байланган “бирболчулар” да алдамчылыкка ыкташтыбы? Кыргызстандын өнүгүүсү, реформа, жаркын келечек боюнча канчалык ынандырууга аракет кылышпасын, этеги жаман жерден жыртылгандай болушуп, көзгө комсоо көрүнүшкөнүн кантебиз? Алтынбек Сулайманов 13 жылдан бери депутат болуп келатат, элге кыйраткан эмгеги сиңдиби? Кайсы ишин бетке кармап айта аласыңар? Жооп барбы? Эрксизден баш чайкайсың да. Болгону Сулайманов саясый оюнчу катары таанылып, ашкере байыганы менен белгилүү. Ал эми Алмамбет Шыкмаматов 10 жылдан бери ээрден түшө элек. Министр, эсеп палатасында аудитор, депутат болуп келди. Карапайым калк үчүн кадыры сиңдиби? Жо-ок, куулугу, амалкөйлүгү жагынан тажрыйба топтоп, кооз сүйлөгөндү гана өздөштүрдү. Анан дагы бир өнөрү бар, чекесине печать болуп урулган: Өмүрбек Текебаевди сатып кеткендеги ойт бермеси! Ал эми “Бир Болдогу” башка талапкерлер “эт эмес же чел эмес” дегендей, коомчулукка анчейин белгилүүлөр катары сыпатталбайт. Кыскасы, “бирболчулар” амбициянын айынан шайлоого аттанышты, жеңишке жетишерине ишеним жок, “атың чыкпаса жер өрттө” дегендей ишарада элдир-селдир келатышат. Жөн эле үйүргө кошулуп алышты го? Кыскасы, Сулайманов менен Шыкмаматов качанкыга чейин элди алдай беришет?


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер