Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаров: “Ата-энемден, баламдан айрылдым. Өзүм камактамын, ошентсе да үмүт бар”

Садыр Жапаров: “Ата-энемден, баламдан айрылдым. Өзүм камактамын, ошентсе да үмүт бар”

08-сентябрь, 13:28
1 072 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаров акыркы жолу элге кайрылуу жасады. Бул тууралуу Жапаровдун тарапташтары Фейсбукка жазды.

Саясатчы он жылдан бери ар кыл темада элге, бийлик өкүлдөрүнө көптөгөн кайрылууларды жасап келгени менен жарытылуу майнап чыкпаганын айтат. Анын пикиринде, элдин жүрөгүнө кайдыгерлик орноп калган.

Ар кимдин өз башына келмейин ойгонбойт» дегендей, бүгүнкү коронавирус ар бир жарандын башына келгенде көп нерсени түшүнүп, эл эми ойгонду го деген үмүт менен акыркы кайрылуумду жасап жатам” деп айтылат билдирүүдө.

Садыр Жапаров ушул күнгө чейин башкаруу системасын өзгөртүү, экономиканы көтөрүү, жаратылыш байлыктарын сактап калуу маселелерин көтөрүп жүрүп, орду толгус жоготууларга учураганын да эске салды.

Ата-энемден, баламдан айрылдым. Өзүм камакта жатам. Ошентсе да эл бар, журт бар деп, сатылбай, соодалашып кетпей, илгери үмүт менен жашап келем. Буга чейин «кантебиз эми, жардам бериш элдин колунан келбей жатпайбы» деген сөздөр айтылып келди. Ооба, чындыгында канча жолу митинг-пикеттерге чыксаңар да, менин камактан чыгышыма себепчи боло алган жоксуңар. Мына, азыр эми колуңарга беш жылда бир жолу келчү бийлик тийди” деп, шайлоодо туура чечим чыгарууну өтүнгөн.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер