Мирлан Бакиров “Кыргызстан” партиясын табалап, мурдун көтөрдүбү?
Шайлоого карай саясый күчтөрдүн атаандаштыгы курчуп баратат. Бийликчил, оппозициячыл болобу, же диний агымдагыларбы, айтор, баарысы бири-бирине карама-каршы. Көмүскөдө көп сөздөр айтылып, күрөшүүнүн жаңы үлгүлөрү чыкканы турат.
“Мекеним Кыргызстан” партиясына Мирлан Бакиров лидер болгону мурдун көтөрүп, жасалма мүнөздө сөөлөт күтүп, таза өзгөрүп калыптыр. Өзүн “элита” сезгени, кабак-кашын бүркөгөнү кандай? Курулай эле каадаланып калганына “бырс” күлүшүүдө. “Кыздын сыры төркүнгө маалым” дегендей, бул эргулдун деңгээли бизге белгилүү эмеспи. Айтмакчы, “Кыргызстан” партиясынын бүгүнкү абалын табалап, “булар өтпөйт” деп өйдөсүнгөнү өлтүрдүбү? Көзү ачылып баратканбы? Үзөңгүдөн бут тайыганда кол сунгандын ордуна кордук көрсөтчү неме окшойт. Кечээги шефи Бакыт Төрөбаевди оңой эле сатып кеткен Мирлан Бакировдо кайдагы принцип? Адамгерчилик, жигитчилик сапатты уруп ойномок беле?..
Aryba.kg