Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Курсан Асанов “Республика” менен шайлоого аттанып, бийликти мат кылабы?

Курсан Асанов “Республика” менен шайлоого аттанып, бийликти мат кылабы?

15-август, 16:50
4 441 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кой-Таш окуясы жана Жеңиш Разаковдун даттануусу менен соттук процессти баштан кечирип жаткан генерал Курсан Асанов саясый күчтөр менен сүйлөшүп, шайлоого барууга билек түргөн кербези. Соңку маалыматтарга караганда, ал “Руспублика” партиясынын алдыңкы тизмесине кирип, бактысын сынап көрмөкчү. Ош жана Баткен аймагынан 20 миңден ашык добуш алары да болжонуп калыптыр. 

Учурда Курсан Асанов соттоло элек, андыктан, шайлоого катышууга толук укугу бар. Сентябрга чейин райондук жана Бишкек шаардык соттору өкүм чыгарууга жетишпейт. Демек, Курсан Асанов БШКдан депутаттыкка талапкер катары катталса, кол тийбестикке ээ болуп, саясый күрөштө өзүн көрсөтүүгө толук кандуу мүмкүнчүлүк алат. Публикада ойногонду, эл астында бакылдаганды, о.э. журналисттер менен иштешкенди мыкты өздөштүргөнүн эске алсак, анын жылдызы чукул арада жанып, рейтинги көтөрүлөрү ажеп эмес. Буга чейин куугунтук жеп келатканын, күч органдарынын интригаларына кабылганын ачыктап, көп сырларды ашкерелеп салышы ыктымал. Эң башкысы, Курсан Асановдо каражат жагы арбын. Мындай шартта спортсмендерди топтоо, электоратын жандандырууга шанс бар. Оомат оосо, ошондо күч органдарынын жетекчилери, бийлик мат болуп калабы?..


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер