Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Артур Медетбеков: “Азыркыдай шалтурук өкмөт менен алдыга жылбайбыз”

Артур Медетбеков: “Азыркыдай шалтурук өкмөт менен алдыга жылбайбыз”

07-август, 15:38
910 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Артур мырза, мамлекеттеги болуп аткан саясый кырдаалга көз салып турсаңыз керек. Ошого сиздин оюңузду уксак дедик эле?  

-- Бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекети саясый, социалдык-экономикалык, саламаттык коопсуздугу өтө курч абалда турат. Ачыгын айтыш керек, жеке эле Кыргызстанда эмес, бүткүл дүйнөдө мындай кризис басып келди. Анын себептерин баарыбыз билебиз. Жыл башынан бери келаткан пандемиянын кесепетинен баары төмөн түшүп, жетээр жерине жетти. Өзгөчө биздин өлкөдө катуу байкалып турат. Коронавирус илдети дүйнө жүзүн каптаганы баардык мамлекеттер бул илдетке каршы турганга даярдыгы жок экенин көргөзүп койду – бул ачык сөз. Болору болду, боёсу канды. Пандемиянын жаман, карасанатай жактарын айтып майдалагым келбейт. Анын баарын көрүп, билип атабыз. Кыргызстандын ар бир үй-бүлө, тууган-уруктары, дос-тааныштары капташты. Азыр да пикке жеттиби, жете элекпи – алдыда дагы кандай окуялар бизди күтүп турганын билбейбиз. Бирок, бул пандемияны кыргыз эли жеңет, мен ишенем.

-- Анүчүн эмне кылышыбыз керек?

-- Эмне кылышыбыз керек? Жакшы суроо. Кыргызстандын ар бир жараны ар кандай чагымчыл, радикалдуу маалыматтарга ишенбей, мамлекеттин бүтүндүгүн, элдин биримдигин, болуп аткан акыбалдын туура маалыматтарын эске алып, пандемияга каршы күрөшүүдө өзүнүн граждандык позициясын көргөзүшү керек. Эч убакта ушу жагдайдан пайдаланып, туура эмес саясый күчтөрдүн чагымчыл иштерине, же туура эмес түшүнгөн жарандардын сөздөрүнө ишенбей, алардын радикалдуу кыймыл-аракеттерин четке кагып, өлкөнүн коопсуздугуна чакырып, бир муштумдай түйүлүп, бир багытта иштей турган болсок, анда аты жаман илдетти жеңип чыгууга баардык шарттарды түзө алабыз. Элибизде, жерибизде болуп аткан окуяларга кайдыгер болбой, ар бир мамлекеттин инсаны түздөн-түз салымын кошуп, тартипти, тарбияны, тынчтыкты эң негизги принцип катары кабыл алып, элибизди чыдамкайлыкка, сабырдуулукка, ыймандуулукка чакырып, ошонун негизинде конструктивдүү туура иштерди алып барсак, жакын арада адамзатка каршы чыккан биологиялык апаатты жеңип чыгабыз. 

-- Парламенттик шайлоо өтүшү керекпи?

-- Акыркы убакта күзүндө өтө турган парламенттик шайлоо тууралуу ар кандай пикирлер, сунуштар, маалыматтар соцтармактарда, ЖМКда жайнап кетти. Арасында терс жана түз позициясын айткандар бар. Канткен күндө да биз мыйзамдуулукту сактап, мыйзамдын чегинде иш алып баруубуз кажет. Шайлоо өз убагында өтүүсү абзел. Бирок, шайлоонун астында саламаттыкты, тазалыкты, тартипти жогорку деңгээлге көтөрүп алсак дейт элем. Ушулардын баары толугу менен камсыздалынган учурда гана шайлоону өткөрсөк болот. Мындан сырткары, шайлоо процесси эң негизгиси административдик ресурсу жок, акчага сатылуу же шайлоонун шайтан иштерисиз, түз, таза, адилеттүү, акыйкаттуу өтүп кетсе (!) деген тилекти айтат элем. 

-- Жаңы шайланып келген депутаттардан кайсы саптатты көргүңүз келет?

-- Боло турган шайлоонун депутаттары бүгүнкү күндөгү өлкөдөгү болуп аткан баардык тармактагы кризистен, андан тышкары, пандемияны жеңүү боюнча жаңы бир ой пикирлерин, өзөктүү мыйзамдарды кабыл алуу боюнча өздөрүнүн салмактуу сунуштарын айтып, алдыга умтулган депутаттардын келүүсүн каалайт элем. Албетте, жаңы парламент жаңы өкмөттү курайт. Азыркыдай шалтурук депутаттар, азыркыдай шалтурук өкмөт менен кыргыз эли алдыга жылбайт. Аны биз көрдүк, көргөзүштү. 

-- Өзүңүз парламенттик шайлоого барасызбы? Барсаңыз өзүңүздүн партия мененби же кайсы бир күчтөр менен биригүү шартын карайсызбы?

-- Биздин “Кыргызстан элдик демократиялык партиясы” (КЭДП) 10 жылдан бери кээ бир партияларга окшоп тарап, чачырап кетпей, үзгүлтүккө учурабай, өз нугунда саясый ишмердигин улантып келатат. Саясый талаада өз орду бар. Буга чейин эки шайлоого катышып, мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша аракет кылганбыз. Бирок, тилекке каршы, кайсы бир белгилүү себептерден улам жеңүүчүлөрдүн катарында болгон эмеспиз. Күздөгү боло турган шайлоо өзгөчө шайлоо болот деген ойдомун. КЭДП бир нече партиялар, бир нече кыймылдар менен чогуу биргеликте барабыз. Барганда дагы конструктивдүү, өздөрүнүн негизги багытын тазалыкка, тартипке, тынчтыкка, тарбияга багыттаган, элдин коопсуздугун, мамлекеттин стабилдүүлүгүн, социалдык, экономикалык реформаларды жүргүзүү менен анын өнүгүшүнө салым кошо турган партиялар менен баргым келет.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер