Акыркы кабарлар
» Саясат » Белгилүү саясатчы Канатбек Исаевдин апасы жерге берилди
Белгилүү саясатчы Канатбек Исаевдин апасы жерге берилди
06-июль, 15:40
1 189 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌“Кыргызстан” партиясынын лидери, белгилүү саясатчы Канатбек Исаевдин апасы Асымбүбү Ташыбаева бүгүн Чүй районунун Кошой айылында жерге берилди. Маркум өмүрүнүн соңуна чейин агартуучулук кесипти аркалап, 50 жылдан ашык физика-математика сабагынан билим берип келген.
Асымбүбү Ташыбаева “Баатыр эне” ордени менен сыйланган, эл агартуунун отличниги, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими наамына татыган. Асымбүбү апанын 7 баласы, 23 небереси, 14 чөбөрөсү калды.
Канатбек Кедейканович, Жамиля жеңе, апанын арты кайрылуу, жаткан жери жайлуу болсун! Кайрат кылыңыздар!
Aryba.kg