“Май көл, сүт көлдөгү” Абылгазиев менен Жумабековдун айтышы

ЖоКенин сессиялар залында өкмөт башчы Мухамметкалый менен төрага Дастан жолугуп калып, айтышып коё беришти дейт.
Өкмөт башчы кадимки Калыктын обонуна салып мындайча кайрыйт:
Дорогой досум аманбы,
Долондон айтам саламды.
Даярдап отчет келдим мен,
Депутаттарга жагамбы?
Добушун берсе болгону,
Давления кылбай агаңды.
Доклад мыкты жасалса,
Добулдан аман каламбы?
Ээй, төрага досум аманбы,
Төбөлдөн айтам саламды.
Спикер досум аманбы,
Сокеден айтам саламды.
Сокеден айтсам саламды,
Согулбай аман каламбы?
Артисбекович аманбы,
Ажодон айтам саламды.
Ажодон айтсам саламды,
Аман-эсен каламбы?
Орошон досум аманбы,
Онияктан айсам саламды.
Онияктан айтсам саламды,
Ордумда эле каламбы? - деп барып токтойт.
Ошондо айтылуу «бир чийбес» акын Дастакең айылдашы «Айдаралы жөргөлөктүн» обонуна салып, мындайча төгөт:
Ээй, менин атым сурасаң,
Жумабеков жөргөлөк.
Сокебизди көргөндө,
Акүйдөгү коргондон
Өтүп кетем жөргөлөп.
Төгүп ырдап жатырмын,
Төбөлдөргө жакынмын.
Бүтүн элге белгилүү
“Бир чийбес” деген акынмын.
Сокем айтса саламды,
Сонун болгон турбайбы.
Колдобосом отчетту,
Кудай чындап урбайбы.
Кечээ, таалай-бак берген,
Таластан таап апкелген.
Таап берген кызматты,
Так өзүмө чак келген
Экс-ажо Алмазга
“Энеңди” деп тап бергем!
Ой, жердешим Бокоюп,
Отурасың очоюп.
Жакпай жатса кетип кал,
Отурбастан кокоюп.
Сөз тийгизбе кыргызга,
Кыргыз эл жыргал турмушта.
Көздү ачып чоң карайлы,
Ысык-Көл, Талас, Тянь-Шань,
Кенен Чүй, Ош, Алайды.
Өсүп жатат дүркүрөп,
Көрбөй калсак жарайбы?!
Кооз кылып үйлөрдү,
Сырдап жаткан Мухаммет.
Сахнага чыгып созулуп,
Ырдап жаткан Мухаммет.
Мухамметтин малы көп,
Кызылча менен фасолду,
Айдап салган дагы көп... - деп жамгырдай сабалайт, жанындагыларга карабайт.
Кезек Мухаммет акынга келип, ал сөздүн гүлдөрүн терип мындай дейт:
Кези-кези келгенде,
Ашуудан бердим отчетту.
Бажам менен кошулуп,
Ачуудан бердим отчетту.
Өткөн досум Өтмөктөн,
Өтүнүп келдим өкмөттөн.
Өкүртө мактайм Сокеге,
Отчетумду өткөзсөң.
Айланып учуп келейин,
Отчетумду берейин.
Мыйзамдарды бу жерде
Токуп берип жатасың,
Орусчаны чет элде
Окуп берип жатасың.
Орусчаны сен билип,
Англисче мен билип,
Келатабыз экөөбүз,
Катар-катар желдирип.
Үзөңгүнү тепкениң,
Секирип минип кеткениң
Эмне деген керемет!
Эл эмчегин түшүнсөң
Экөөбүздөй эр эмет.
Майанеге алпарып,
Эс алдырып келейин.
Майин кыздан таптырып,
Массаж кылып берейин! - деген жерине келгенде түшкү танапис болуп калып, микрофон өчүрүлөт...
"Азия Ньюс" гезити