Октябрь Урмамбетов “кыңыр иштеринен” буйтап кетсе, Оролбек Акпаров “бир жеринен” илинеби?

Милициянын жетекчилери талазанууга тийиш. Бул системадагы көпчүлүк мыйзам бузуулар жогорку генералдарга, полковниктерге байланыштуу экени талашсыз чындык. Эмесе, учкай мисал келтирели.
Эгемендүүлүк майрамына карата ИИМ орун басары Октябрь Урмамбетов менен ГУУРдун начальниги Оролбек Акпаров Ошко барышат. Атайын буйрук менен коопсуздукту, тартипти көзөмөлдөө экөөнө милдеттендирилсе, кош көңүлдүккө алдырышканбы? Оролбек Акпаров 30-августта ичип, эртеси Төлөйкөндөгү ипподромго чыкпай койгонбу? Деги эле Октябрь Урмамбетов экөөнүн эмне кылып жүргөнү, милдеттерин канчалык деңгээлде так аткарышканы боюнча кабар чыкпаганы эмнеси? Булардын артынан ИИМдин ички иликтөө кызматы текшерүүгө алып атканын эшиткенбиз. Жыйынтыгы кандай чыкканы белгисиз. “Жабылуу аяк жабылуу бойдон” калдыбы? Ал эми 31-августта көк бөрү оюнун баарыбыз көрдүк. Аягы кандай тамамдалганы белгилүү, коңшуларга уят болгонубузду сабак катары сиңирдикпи?..
Ток этерине келсек, Октябрь Урмамбетов башынан эле “кыңыр иштеринен” буйтап, артын тазалап кетерин билебиз. А омбу-домбу Оролбек Акпаров кантет болду экен? “Кайырмакка бир жеринен илинеби”, же “жырылып” чыгып кетеби?..