“Каралар” менен “кызылдарга” бирдей “аңчылык” жасаган Камчыбек Ташиев

Ай сайын “кой терисин жамынган”, кылмышка шектүү милиция кызматкерлери менен уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кармалууда. Байма-бай. Бул жагы салтка айланып калды. Мындай татаал иштин жоопкерчилигин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жеке моюндап, катуу көзөмөлдүн негизинде күрөш жүргүзүүдө. Эрктүүлүгүн көрсөтүп атат. Мындай аракеттер мыйзамды сыйлаган коомчулукка, аң-сезимдүү чөйрөгө майдай жагууда. “Каралар” менен “кызылдардын” топ-тобу менен кармалышы, дээрлик тазаланууга багыт алганыбыз алкоого арзыйт. Кубаттуу, өнүккөн мамлекет куруу үчүн ички кылмышкерлерден, коркунучтуу күчтөрдөн, тамырын жайган коррупциядан арылуу зарыл. Бул жагынан аёосуз күрөштү дагы да күчөтүп, эл камын ойлогон аракеттер уланып, темирдей тартипке, мыйзамдуу коомго жетише алсак, албетте, мамлекет жогорку деңгээлде алдыга карай секирик жасайт. Чет элдиктер, туристтер агылып келе башташат, о.э. инвестиция тартылып, экономиканын баскычы да көтөрүлөт. Азырынча айыгышкан күрөш жүрүүдө. Аягына чыкса Камчыбек Ташиевдин кадыры чындап эле көтөрүлөт. Элибиз баасын берет...
"Азия Ньюс" гезити