Акыркы кабарлар
» Саясат » Академик А.Эркебаевди иштен алган А.Абдраева кантип аброй табат?
Академик А.Эркебаевди иштен алган А.Абдраева кантип аброй табат?
29-июль, 01:58

Адегенде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Тууганбай Коңурбаевди “ыргыта чаап”, коррупционер министр Алмаз Бейшеналиевдин жардамы менен орун басар кызматын ээлеп, андан кийин ошол эле окуу жайга проректор болуп келип, анан ректорлукка секирик жасаган Айгүл Абдраева “эки тизгин бир чылбырды” алгандан бери кадр маселеси менен алектенип, бир топ жетекчилерди кызматтан алып, окуу жана илимий иштер каралбай калганы тууралуу каңшаар кептер тараган. Маселен, мамлекеттик тил факультетинин деканы Айгүл Дүйшембиеваны чакырып, “орунду бошот” деп ачык эле ультиматум койгон. Ал эми ректордун кеңешчиси, атактуу академик Абдыганы Эркебаевди да чакырып, арызын жаздырып, кызматынан бошотуптур. И.Арабаев университетинде жалгыз академик А.Эркебаев иштесе, ректор А.Абдраева анын баркына жетпесе, илими жок университет кантип аброй күтмөк эле? "Азия Ньюс" гезити











