Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурдан Орунтаевди УКМК бир жаңсыл кылбайбы? “Чала жан” калтырбай...

Нурдан Орунтаевди УКМК бир жаңсыл кылбайбы? “Чала жан” калтырбай...

06-июнь, 09:00
539 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаевге УКМК кылмыш ишин козгоп, “Батуми” кафесин талкалатканы үчүн жарым-жартылай жазаламыш этти. Бирок, бул эргул дердейип, кызматынан кете турган түрү жок. “Батумиге” 3 миллион сом төлөп берүүгө милдеткер болгон. Тергөөчү, анан вице-мэрликке коно калган “бала баатыр” миллиондорду каяктан таап беретЖе шаардын көрүнгөн жерин талкалап жүрүп, калтасын кампайтканбыАйтор, көпчүлүк түшүнбөй жатат. Бул кайдан чыккан шок эле? Таңгаласың. Аныгында, Орунтаевге карата жоопкерчиликти УКМК күчөтүп, бир жаңсыл кылбайбы? “Чала жан” калтырбай. Эл күтүп атат. А баса, Нурдан Орунтаев ИИМде тергөөчү болуп жүргөндө былыгы чыгып, кылмыш иши козголгонун кайда жашырабыз? Аскер прокуратурасынан ыйлап, бакырып-өкүрүп жатып кутулуп кетсе, азыр дагы ошондой артисттигине салдыбы? Кабыргасынан турган суроолор арбын. 

Кыскасы, Орунтаев тоготпой басып жүргөнү менен УКМКны уят кылууда... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер