Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алтынбек Сулаймановго кылмыш иши даярдалганы каңкууланды

Алтынбек Сулаймановго кылмыш иши даярдалганы каңкууланды

01-декабрь, 19:30
2 126 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ысык-Көл облусунун губернаторлугунан Алтынбек Сулайманов бийлик менен келише албай, күтүүсүз түрдө арыз жазуу менен кеткен. Аткаруу кызматын уяткарып, мындай шартта реформа жүрбөсүнө көзү жеткенин, көп кемчиликтер бар экенин да шардана кылган эле. Төбөсүндөгү кара булутту сезип, алдыртан баса бергени – саясый жүрүшү аркылуу бийликти ыңгайсыздыкка калтырганы да. Орто жерден суракка алындыбы, же жашыруун “разборкага” кабылдыбы, айтор, лөктөр тарабынан кысым жаралгандай жел жүргөн. Көп өтпөй Америкага учуп кеткени маалым... А соңку убакта эмне болууда? Узун кулактар маалымдагандай, орган кызматкерлери Алтынбек Сулаймановго карата компромат издешип, студент кезинен берки баскан жолун казышып, учурда кылмыш ишин даярдап коюшканы, “кыңк” этсе эле алып чыгышарын эшиттик. Ушундай. Бийлик короосундагы өздүк булактар эле билдирүүдө. Ал эми кандай кылмыш иши даярдалганын мезгил көрсөтөт, же ойдон токулган карөзгөйлүк катары сыпатталабы? Албетте, азырынча собол таштай туралы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер