Матвиенко менен сүрөткө түшүп, Маматалиевдин саясый рейтинги көтөрүлдүбү?


Жакында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Россияга барып, Валентина Матвиенко менен сүрөткө түшүп, өзүн президенттей эле пиар кылды. Соцтармактагы блогерлери “байдын кызындай эле макташты”, баракелде! Эмне иш бүтүрүп келгенин деле аңдаган жокпуз, болгону экс-спикер Нурланбек Шакиевге караганда деңгээли өйдө экенин билдик. Ооба, билимдүү, парламентчи катары тажрыйбалуу. Бүгүнкү күндө Марлен Маматалиев мамлекеттеги экинчи баскычта турган адам, мыйзамдуу таасири чоң. Адатта шайлоого карай саясат жанданат эмеспи. Мындай шартта андан көп нерсе көз каранды, кырдаалга карата кандай кадамга барышы мүмкүн? Айтмакчы, Матвиенко менен жолуккандан кийин Маматалиевдин даражасы артары, орустар колдой турганы божомолго алынууда. Азырынча ооматы келип турат, бакыт кушу да конобу?..











