Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атыр Абдрахматова: “Акыйкаттык издеп, зарлап жүргөн жарандардын көптүгү өкүнүчтүү”

Атыр Абдрахматова: “Акыйкаттык издеп, зарлап жүргөн жарандардын көптүгү өкүнүчтүү”

13-май, 09:00
370 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Атыр айым, акыйкаттык издеген жарандар менен тыгыз иш алып барып жаткан экенсиң, кандай көйгөйлөр менен кайрылышууда? 

-- Акыйкатчылык кызматты аркалаганыма туура эки ай болду. Бул мөөнөттүн ичинде 400дөн ашык адамды жеке кабыл алдым. Онлайн жаңы форматын киргизип, 29 адам онлайн форматында кабыл алуумда болду. Эң эле башкы көйгөйлөрдүн бири – сотторго нааразычылык айткандар көп. Андан кийин мамлекеттик органдарга, ошол эле президентке, Жогорку Кеңешке, УКМКга, ички иштер министрлигине барып кайрылып, жеке кабыл алууларына кире албай, кылмыш иши, сот иши болобу, акыйкаттык издеп зарлап жүргөндөр көп. Анан дагы жер маселеси менен кайрылгандар арбын. Тилекке каршы, ушул күндөрү жаш балдарыбызга болгон зордук-зомбулук күчөгөнүн көрүп турабыз. Дагы көп кайрылуулардын бири сыртта соттолуп кеткен же камакта жаткан жарандарыбызга жардам издегендер, жөлөк пул алалбай жаткандар, үлүш жерлери туура эмес бөлүштүрүлүп жатат дегендер, кредитти төлөй албагандар, каржы пирамидаларына алдангандар андан көп. Жеке кабыл алууда болгон жарандарыбыздын көйгөйүн чечип, колдон келген жардамыбызды берүүгө аракетибиз күч.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер