Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азамат Токтоналиев мамлекетке ак кызмат кылган ишенимдүү кадр

Азамат Токтоналиев мамлекетке ак кызмат кылган ишенимдүү кадр

26-сентябрь, 00:38
935 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги Азамат Токтоналиев сапаттуу, ыкчам, так ишмердиги менен башкалардан өзгөчөлөнө алды. Эң башкысы, өздүк курам алдында өзүн таза, үлгүлүү жетекчи катары калыптандырганын баса белгилей өтөлү. Ириде жумуштун эффективдүүлүгүн, дээрлик натыйжа берүүсүн талап кыла билерин баамдадык.

Эсиңерде болсо керек, бир убактарда Бишкек шаарында өтө оор кылмыштар, талап-тоноолор, адам өлтүрүүлөр катталып, айрымдарынын бети ачылбай да калчу. Агезде жалпы жашообузда коркунучтар бар эле. Андагы 10-15, 20 жыл мурдагы убакты элестетип көргүлө. Көрсө, кооптуу мезгилдер артта калыптыр. Азыр түп-тамырынан башка заман. Өзгөчө Азамат Токтоналиев борбор калаанын башкы милициясы болгондон бери кылмыштуулукту алдын алуу, видеобайкоолорду ыкчамдыкта орнотуу, профилактикалык иштерди жүргүзүү, коомчулуктун тынчтыгын сактоо жагынан жигердүү иштерди жасоодо. Кээде эл арасындагы ар кандай бейбаштык көрүнүштөр соцтармактарга тарап кетсе, дароо реакция жасалып, издери сууй электе шектүүлөр кармалышат. Башкаларга сабак маанисинде жазалоонун машакаты көрүлүүдө. Ириде Бишкек шаары коопсуз, туруктуу сакталышы үчүн майда бейбаштыктарга да чекит коюлушу керек. Ошондуктан милиция “кылт” эткен нерселерге да маани берүүдө.

Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, Азамат Токтоналиев жогорку профессионалдык деңгээлдеги жетекчи катары калыптанганын ачык айталы. Милициянын түйшүктүү ишин жипке тизген шурудай ыраатка салып койду. Анан калса, каарманыбыз чарбачыл экен. Курулушту да жакшы түшүнгөнү кубандырды. Мындай артыкчылыктарын аңдап отуруп, өздүк курамга жетиштүү шарт түзгөнүн байкай алдык. Канчалаган жаңы объектилер салынып, оңдолуп, мамлекетибизге кызмат кылып атканын көрүп атпайбызбы. Жалпысынан шаардагы милициянын кем-карчтары чечилип, иштегенге ыңгайлуулук жаралып, тийешелүү жабдуулар, автоунаа, техникалар менен жетиштүү камсыздалганын баса белгилейли. 

Аныгында, Азамат Шейшенбекович кылмыштуулук менен терс көрүнүштөрдү кыйла кыскартты. Өздүк курамга туура багыт берүүнү, иштей билүүнү тастыктады. Өзү түйшүкчүл, эмгекчил экен. Эң оболу, майда-барат азгырыктардан бийик болуп, пендечиликке түшпөй, жеке ысымын жасоону, тарыхта таамай башчы катары калууну көздөгөнү – өтө маанилүү көрсөткүч эмеспи. 

ИИМдин ички жобосу, мыйзамы боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгын эки жыл ийгиликтүү жетектеген полковникке генерал-майор чин-даражасы берилет. Убактысы келди. Ушул таризден алганда, Азамат Токтоналиев ар тарабынан төп келишип турат. Соңку жылдары милициянын кыйындарынын ичинен салыштырып караганда, эң ийгиликтүүсү, дараметтүүсү катары таанылды. Ооба, башында оор жүктү тартып кете алабы (?) дегендей кичине санаркоолор жаралса керек. Бирок реалдуу турмуш жүзүндө Азамат мырза кыраакылыгын, жөндөмдүүлүгүн, эмгекчилдигин жана мамлекетке ак кызмат кыла турган ишенимдүүлүгүн далилдей алды. Көрсө, кыйчалыш кырдаалдан, оор сыноодон татыктуулар иргелип, алдыга чыга келет тура. Мына ушул доор аралыгында Азамат Токтоналиев милициянын, элдин бактысына жаралган татыктуу персона катары тастыкталууда.  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер