Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кооптуу кырдаалда Марат Иманкуловдун ийинге кирип кетмей жайы бар

Кооптуу кырдаалда Марат Иманкуловдун ийинге кирип кетмей жайы бар

08-апрель, 19:30
947 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бакылдаган серепчи, генерал Марат Иманкулов кызматсыз жүргөндө кыйла акыл үйрөтчү. Жогорку креслого жетүү үчүн умтулуп. Натыйжада, кыялы орундалган. Коопсуздук кеңешинин катчысы Иманкулов учурда эмне кылып жүргөнү белгисиз. Баткендеги чек ара чыр-чатактары боюнча билмексен, Казакстандагы коогалаңда тымпыйып, кооптуу кырдаал чыңалганда ийинге кирип кеткендей элес жаратат. Оппозиция опулдап, бийликке сес көрсөткөн учурларда кулагын жапырат. Айтор, коомчулуктагы кыйчалыш, опурталдуу жагдайлар жарала калганда ой-пикирин айтып, оңдуу сүйлөп койгонго жарабайт экен. Жогорку кызматта эмне иш аткарып отурганын айта албайбыз. Бийликке күч бере албаса, күйбөсө, анда кетпейби? Профессионал кадрларга жол бошотсо неДал ушундай “карьералык кызыл кулактар” артка тартып атканына баа берилиши шарт. Эркелетүүнүн да чегин билсек... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер