Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мээрбек Мискенбаев: “Эртеби-кечпи Соке, Жунушалиев, Опумбаев, Жамшитовдор жоопко тартылышат”

Мээрбек Мискенбаев: “Эртеби-кечпи Соке, Жунушалиев, Опумбаев, Жамшитовдор жоопко тартылышат”

24-январь, 18:00
2 922 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мээрбек иним, “жакын арада Алмазбек Атамбаев камактан чыгып калышы мүмкүн” деген кептер тарады. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

-- Алмазбек Атамбаев саясый негизде кармалып турат. Камакта жатканына үч жылдын жүзү болду. Бул убакта бир да күнөөсү далилденген жок. Алмазбек байкени Сооронбай Жээнбеков камакка алганы саясый ката болуп эсептелет. Аягы келип Соке өзү бийлиги жок көчөдө калды. Мен ойлойм, жакын арада Атамбаевди боштондукка чыгарат. Анткени, коомчулукта күндөн күнгө кадыр-баркы көтөрүлүп баратканы сезилет. Жүз кишинин ичинен токсону Атамбаевдин убагында жакшы жашагандарын билдиришип, “бу кишини учурунда баалай алган жокпуз” дешүүдө. Бул да бекеринен эместир. 

-- Сооронбай Жээнбековго бул бийлик тийешелүү чара көрбөйбү? Себебин кайдан издесек болот? 

-- Сооронбай Жээнбековго иш козголбой, учурда резиденцияда күн көрүп атканы утурумдук. Эртели-кеч Кой-Таш окуясына, пандемия убагында элди кырганы жана октябрь козголоңу үчүн чоң жоопкерчиликке тартылат. Чын-чынына келгенде үч жылдык бийлигинде эч кандай өнүгүү-өсүү болгон эмес. Мамлекетке бир тыйын пайда келтирүүнүн ордуна Атамбаевди, анын тегерегиндегилерди камап, убакытты өткөздү. Бир убак келет, Жээнбеков жана анын туугандары жоопкерчиликке тартылат, буга мен бөркүмдөй ишенем.

-- Учурда эмне иш менен алексиң, саясаттан четтедиңби?

-- Мага карата сот иштери бүтө элек. Кой-Таш окуясы үчүнчү жылга кетип атат. Чын-чынына келгенде али баштала элек. Буга чейин бир тараптуу гана каралып келген. Анын ичинде бир жыл түрмөдө жаттым. Эмнеге жатканымды азыркыга чейин түшүнбөйм... Эгер Кой-Таш окуясы адилеттүү карала турган болсо, анда негизги күнөөлүүлөр ачыкталып, Сооронбай Жээнбеков, Кашкар Жунушалиев, Орозбек Опумбаев, Өткүрбек Жамшитов жана башка адамдар жазага тартылат. Алардын качканы качып, кутулганы кутулуп, кутурганы кутуруп жүрүшөт. Сооронбай Жээнбековдун кланы, коркок генералдары – баардыгы жоопко тартылат жана эртеби-кечпи түрмөгө отурушат.            


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер