Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбек Осмонов менен Аскар Салымбеков шайтан оюндун жаңжалына себепчи болушабы?

Айбек Осмонов менен Аскар Салымбеков шайтан оюндун жаңжалына себепчи болушабы?

13-июль, 21:53
3 485 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

11-июлда Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерге карата шайлоо өтөт. Бул жагынан акчалуу партиялардын арасында атаандаштык катуу жүрө баштады. Өзгөчө “Биздин Кыргызстан”, “Эмгек” жана “Ата Журт Кыргызстандын” ортолорунда миллиондорду сапыруу таймашы чегинен чыгып бараткандай. Тийешелүү органдар мыйзамсыздыктарды иликтөөдө кашаңдык көрсөтүп атканын байкап атабыз. Кызмат, мандат үчүн коммерсанттардын жулунушканы жакшылыкка алып барбайт эмеспи. “Биздин Кыргызстанды” депутат Айбек Осмонов кирдүү каражаттары менен сүрөп, Бишкек, Ош шаарларынан жеңишке жетсе, соңунда чоң жаңжалга негиз түзүлбөйбү? “Эмгек” да эдиреңдеген бойдон теминип барат, Аскар Салымбековдун байлыкка марыган кланы ээ-жаа беришпей, сатып алуу саясаты жагынан алдыга озсо, акыры мүдүрүлүп жыгылчу ыңгайды сезишпейби? Ал эми “Ата Журт Кыргызстан” Камчыбек Ташиевдин деми менен катуу удургуп, булар да административдик жана каржылык ресурс аркылуу даң салып баратышканы кандай? Бир чети күзгө карай саясый майдандын тазалануусу, олигархтардын өкүмзордугу талданып, ар кимиси өз кылган иштери үчүн жоопкерчиликке кабылышса, адилеттүү баа берилеби? Көрө жаталы, Кудай бар! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер