Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абакта жаткан Атамбаев саясый упай алууда. Көрөгөч экен...

Абакта жаткан Атамбаев саясый упай алууда. Көрөгөч экен...

08-июль, 10:56
2 353 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ар бир саясый чыр-чатактан абактагы Алмазбек Атамбаевдин айланасында да талкуу жаралып, көпчүлүктүн баа берүүсү мүнөздүү көрүнүшкө айланып баратат. Маселен, чек арага тике турганы, кошуна президенттерге кыр көрсөткөнү, намыскөйлүгү, мамлекеттүүлүк үчүн бекем позициясы ж.б. 

Ал эми соңку учурдагы Орхан Инандынын жоголушу боюнча коомчулукта талкуу күчөп, саясый жаңжалга айланганына баарыбыз күбөбүз. Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда “Себат” мектептерин жаппай турганын билдирип, аталышын “Сапатка” алмаштырып, Түркияга акаарат келтиргенин кайрадан эстедик. Бул өңүттөн экс-президенттин убагында айткандары элге тарап, колдоого алынууда. 2016-жылы Эрдоган менен жылуу мамилесине карабай Орхан Инандыны түрк бийлигинен сактап калганы, агартуучуну колдоого алганы кубандырууда. Аныгында, Атамбаев көрөгөчтүк кылып, билим берүүгө үлкөн салым кошкон заманыбыздын залкар каарманына туура мамиле кылыптыр. Учурда саясый упай алууда. Убакыттын өтүшү менен кимдин-ким экени ачыкталып атышы жөн жерден эмес го?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер