Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Урмат Самаев: “Райым Матраимовду жогору баалап, көргөн жерден “байкелеп” турабыз”

Урмат Самаев: “Райым Матраимовду жогору баалап, көргөн жерден “байкелеп” турабыз”

02-июль, 12:23
2 506 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев баштаган депутаттар Чүй районунун Чүй айылына спорт комплекс курууну сунуштап, ал өкмөт тарабынан колдоо тапкан. Ушу тапта каражаты чечилип, курулуш иштери башталганын депутат Азия Ньюс гезитине берген маегинде билдирди. Ошондой эле Урмат Самаев Райым Матраимов, өкүл атасы делген Канат Исаев менен болгон мамилеси туурасында дагы айтып берди. 

-Урмат мырза, сиз Фейсбук баракчаңызга Чүй айылында жаңы спорт комплекстин курулуш иштери башталганын жаздыңыз, ким тарабынан каржыланып жатат? 

-Спорт комплекс курууну биз сунуш кылганбыз, бирок, өкмөт тарабынан салынат. Курулушу 2020-жылы башталып, COVID-19га байланыштуу токтоп турган. Эми кайра жанданды. Чүй районунда жыйырма миңден ашык эл жашайт. Ушул күндө бул аймактын спортко кызыккан балдары жети километрдей алыстыкта жайгашкан жерге барып машыгып келишет. Мына ушул себептен, каражаттын тартыштыгына карабастан өкмөт комплексти салып жатат. Комплекс эки кабаттан туруп, баардык шарттары болот. Долбоорго 23 миллион сом каралган. Биздин спортчулар кандай кыйынчылык, тоскоолдуктар болбосун ар дайым мамлекеттин намысын коргоп, туусун бийик көтөрүп келишет. Биз дагы аларга ар тараптуу колдоо көрсөткөндү, шарт түзгөндү унутпашыбыз абзел. Бул комплекс салынып бүтүп, иштеп баштаса, мыкты спортчулар тарбияланып чыгарына ишенем. 

-Сиз 11-июлга белгиленген Токмок шаардык кеңешине ат салышып жаткан партиялардын ичинен “Биргени”, ал эми кесиптешиңиз Бакыт Жетигенов “Эмгекти” колдоп, мындан сиздердин ортодо тиреш жүрүп жатканы айтылууда...

-Жетигенов Бакыт байке экөөбүздөн ортобузда эч кандай тиреш болгон жок. Бир жерден, бир элден чыккан агам, кесиптешим катары сыйлайм. Жетигенов буга чейинки чакырылышта дагы депутат болуп шайланган, өзүнүн орду бар агаларымдын бири. Эл арасында эмнеге мындай сөздөр болуп жатканын билбейм, бирок, жеке менин Бакыт байкеге болгон мамилем жакшы. Партиялар боюнча айтсам, “Биргени” эле эмес, андан башка партияларды да колдойм. 

-Сизди Канатбек Исаевдин өкүл баласы катары айтып жүрүшөт, парламентке да “Кыргызстан” партиясы менен келгениңиз белгилүү. Бирок, азыр мамилеңиздер бузулуп кеткени айтылууда. Бул чынбы? 

-Канатбек Исаев жердеш байкем болот. Интернеттеги маалыматтар боюнча Канатбек Исаев өкүл атам, Туйгунаалы Абдраимов кайнатам экен. Чынында кайын журтум карапайым эле адамдар. Кайнатам шопур, кайненем Токмок шаарында жөнөкөй эле кызматкер. Өкүл атам болсо мугалим. Канатбек Исаев экөөбүздүн ортобузда эч кандай уруш болгон эмес, мамилебиз жакшы, жолугуп турабыз. “Кыргызстан” партиясы менен депутат болгом, кийин “Мекеним Кыргызстанга” кошулгам.  

-“Мекеним Кыргызстан” Райымбек Матраимовго тийешелүү эмеспи, аны менен мамилеңиз кандай? 

-Бүгүнкү күндө Райымбек Исмаилович менен жакшымын. Ден соолук сурашып, жылуу учурашып турам. Эч кандай тыгыз мамиледе эмеспиз, бирок, көргөн жерден сыйлап, байкелеп турабыз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер