Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ишин кыйратпаган Кыянбек Сатыбалдиев интрига менен шугулданууда

Ишин кыйратпаган Кыянбек Сатыбалдиев интрига менен шугулданууда

13-январь, 23:51
1 103 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өкмөттүн Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин иши жүрүшпөй, сын пикирге кабылып атканы жашыруун эмес. “Өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт” демекчи, соңку убакта соцтармактан Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытовду фейктер аркылуу жамандатып, эрегишүүгө өтүп алганы эмнеси? Оппонентти тапкан экен! 

Реалдуу жашоодо Кыянбек облустун жүгүн тарта албай, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр начарлап, жумушсуздук арбып, элдин нааразычылыгы күчөп баратат. Жаңы идеяларды, табылгалуу демилгелерди көтөрмөк турсун, тескерисинче, жакшынакай иштеп аткан “Кыргызнефтегаздан” кыйкым издеп, инвестор кытайларга элди тукуруп, тескери жоруктарды баштаганы кандай? Биримдикти сактагандын ордуна Жалал-Абад аймагын бөлүп-жарып, таасир арттыруу таризинде интригадан башы чыкпай, атургай мэр Мураталы Тагаев менен да каршылашып, эмитен эле өзүнө душмандарды көбөйтүп алды. Көрсө, бул эргул облуста өзү гана лидер болууну көксөп, баш көтөргөн тыңчыкмаларды жогору жакка жамандап, шыбай берсе эле окшошуп калмак беле? Ушу тапта Жалал-Абадда мамлекеттин иши экинчи планга калып, Кыянбек депутат болууну кыялданып, ашкере саясатташып кеткенин кайда жашырабыз? “Чабал өрдөк мурда учат” дегендей, эртелеп демигип алган губернаторду кызматынан бошотуп салбаса, мындай темп менен бийликти уят кылып бүтөт го...

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер