Губернатор Канат Жумагазиевге элдин ишеними өсүүдө

Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев башка кесиптештерине караганда ат чабым алыс кеткени айныгыс факт. Пиарсыз эле 12 саат тынымсыз иштеп, миллиондон ашык сарөзөндүктөргө шамчырак болуп, элди жумуш орду менен камсыз кылуу, экономиканы көтөрүү, өндүрүштү өнүктүрүү жагынан басым жасоодо. Реформатор жетекчи катары таанылды. Ириде облустагы ишкерликти жандантып, киреше агымын арбытты. Инвестиция тартууда да ийгиликтерди жаратып атат. Эң олуттуу баскычка келсек, мурда Чүй облустук администрациясына элдин ишеними начар, статистика боюнча эң арткы көрсөткүчтө калса, учурда алдыңкы орунга чыгууда (Статкомдун иликтөөсүн эске алганда). Кудай буюрса, Канат мырзанын адымы мындан да катуулап, демдүү эмгектенип турса, көзүбүз дагы ачылат окшойт. Сары Өзөндөгү бийликтин түшүп бараткан рейтингин көтөрөбү?..
"Азия Ньюс" гезити