Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Азалия, ырчы: “Болочок жолдошум Кыргызстанда жашабайт”
Азалия, ырчы: “Болочок жолдошум Кыргызстанда жашабайт”
23-февраль, 11:52


Ырчы Азалия жакында турмушка чыгат. Ырчынын жүрөгүн багындырган мырза тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн өзүнө байланыштык.
“Болочок жолдошум Кыргызстанда жашабайт. Социалдык тармактардан таанышып калганбыз. Экөөбүздүн жашыбыз тең. Бир ай Кыргызстанда жүрүп кетти. Ал ортодо жылдызыбыз келишип, ойлорубуз бир чыгып, тез арада бирге болууну, бирге өмүр сүрүүнү көздөп, кыргыздын салты менен сөйкө салып кетти. Бүгүн аны жолго узаттым. Кайсы өлкөгө узатканым сыр бойдон калсын. Ошол жактан үлпөт той берип, никебизди каттоодон өткөрөбүз” дейт ал.
“Барс медиа”











